Өзүңүздөргө маалым, кайрымдуулук – эң асыл иштердин бири болуп саналат. Дүйнөлүк диндердин бардыгында жакын адамыңа, муктаж болуп жаткан адамдарга жардам көрсөт деп айтылган. Биз аны эсибизден чыгарбашыбыз керек. Өлкөбүздъө чечүүнү талап кылган көйгөйлөр абдан көп жана баардыгын бир эле учурда чечип салуу мүмкүн эмес. Муктаж адамдар менен материалдык абалы жакшы адамдардын ортосундагы ажырымды жоготуу керек. Биздин максат – ак ниет боорукерлик иштер аркылуу биригүү менен Мекенибиз Кыргызстанды көтөрүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу жаш муундарды активдүү жашоого тартып, жашообузду жакшыртууга үндөө максатында жана алардын кандай гана иш аракеттери болбосун аларга Ала-Тоодой тирек болсун деген максатта “Тирек-Тоо” аттуу кайрымдуулук фонду түзүлүп олтурат.
Ушундай асыл ой максаттар менен, 25-май – Акыркы коңгуроо күнү Кадамжай районунун аймагынан жакшы окуган, келечекте кыргыз элинин жакшы жашоосу үчүн талыкпай эмгек кылууга үмүттөндүргөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, мындан ары жогорку окуу жайларынан билим алып, мыкты кадр болуусуна материалдык жактан колдоо көрсөтүү катары көптөгөн окуучуларыбыз аталган фонддун акчалай сыйлыктарын алышты. Алсак, окуу жылынын жыйынтыгы менен Сатаров атындагы орто мектептин бүтүрүүчү окуучусу Төрөкулова Аймүрөк, №17 А.Масалиев атындагы мектептин окуучусу Эркинбеков Кутманали, Көксал Топтан атындагы орто мектептен Авазов Азамат, Күлдү орто мектебинен Мадалиева Зулайка, №17 А.Масалиев атындагы орто мектептин окуучусу Эратова Аида, М.Горький атындагы орто мектептен Шермат кызы Акманайлар фонддун акчалай сыйлыктарына ээ болушту.
Эми “Тирек-Тоо” фонду эмки жаңы окуу жылынан баштап, мектеп окуучуларына ар бир чейрек сайын мындай акчалай сыйлыктарды берип турмакчы.
«Эл жарчысы»