ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Тамак-аш жасап, сатылуучу коомдук жайлардын санитардык абалы кандай?

el_kdm_001Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 Токтомунун негизинде, ашканалардын, базарлардын, кафелердин санитардык абалын текшерүү, бир жылда бир жолу белгиленген. Мында текшерүүдөн 10 күн алдын ала, текшерилүүчү жайдын жетекчиси же жооптуу адамы, жазма түрүндө эскертилиши талап этилген. Ушундай талап ишке киргизилгенден кийин, ашканаларда, базарларда, кафелерде, дүкөндөрдө эреже бузуулар кескин түрдө көбөйгөн. Коомдук тамактануучу жайлар, соода-сатык кылуучу жайлардын санитардык абалдарын начар деңгээлге түшүп кеткендигин, калк тарабынан ар дайым сынга алуу менен айтылып жаткандыгын, баса белгилеп кетүү зарыл.

Республиканын аймагында, тамак-аштан көптөгөн адамдар ууланган фактылар  белгиленип келет.

Жакында райондук санэпид көзөмөл борбору тарабынан, атайын тиешелүү документтердин негизинде текшерүү жүргүзүлдү.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрация тарабынан 2013-жылдын 3-апрелинде №1-5-85-б буйругунун, райондук прокуратуранын 2013-жылдын 31-июлундагы №11-875-13 кызматтык катынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 19-сентябрындагы №21-2707 сандуу протоколдук тапшырмасынын негиздеринде, райондун аймагындагы коомдук тамактануучу жайларда текшерүү жүргүзүлгөн.

2013-жылдын 11-октябрына карата, райСЭКБ тарабынан 158 обьект текшерилип, 403 кемчилдик белгиленип, санитардык эрежелерди одоно бузган 46 жеке ишкерлерге 500 сомдон 4000 сомго чейин, жалпысынан 27900 сом айып салынды жана айыптар өз убагында мамлекеттин пайдасына толук өндүрүлдү. Ошондой эле санитардык абалы начар болгон 55 обьектилер, убактынча жабылды, 26 жеке ишкерлерге эскертүү берилди.

Акыркы жылдарда, коомдук тамактануучу жайларды, азык-түлүк дүкөндөрдү, мыйзам чегинде бир жылда бир жолу текшерилип калгандыктан,  ал жерде иштеген ашпозчулардын, сатуучулардын жоопкерчилиги төмөндөп, 44 обьектиде 112 киши медициналык кароодон өтүшпөй иштеп жаткандыгы жана алар медициналык кароодон өткөнгө чейин иштен четтетилди. Себеби, Медициналык кароодон өтпөй туруп, иштеп жаткандарда, жугуштуу оорулардын козгогучун алып жүрүүчү козгогучтар  болушу мүмкүн. Кала берсе, тамак-аш аркылуу жугуштуу ичеги-карын оорулары элге таркап кетүү коркунучу бар.

Эми ашканаларда, базарларда, дүкөндөрдө белгиленген фактылар боюнча сөз жүргүзсөк, Кадамжай шаарына караштуу борбордук базарда жеке ишкер Б.Айтматовага караштуу “Шорпо кана”, П.Нурдиновго караштуу “Эркин” ашканасы, Ш.Назарбаевге караштуу “Өмүрзак” ашканасы, канализация системасы жок иштешип,саркынды суулары арыкка түшкөн, ал ашканалар жабылып, кемчилдиктер четтетилген, саркынды сууларын арыка таштоо токтотулган. Борбордук базардын ичинде, эл үчүн ичүүгө, мөмө-жемиш жууганга ванна жок, жаз, жай мезгилинде, ысыкта тез бузулуучу (жумуртка, колбаса, бышырылган эт азыктары) продукциялар муздаткычсыз сатылып жатат. Автобекет аймагындагы ашканалар, канализация системасы жок, саркынды сууларын чуңкур жасашып, ошого төгүшүүдө. Белгиленген Кадамжай шаарынын борбордук базарына, Пүлгөн автобекет жайгашкан аймака, канализация системасын куруу, ишке түшүрүү боюнча, шаардын мэри А.Пазыловко 2 жолу санитардык көрсөтмө берилип, 2013-жылдын 20-октябрына чейин мөөнөт белгиленген, бирок мөөнөтү өтүп кеткен болсо дагы иш баштала элек.

Халмион базары боюнча  алсак, базарлардын структурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү  иш-чараларын улантуу болуп жатканы жакшы. Бирок, суу түтүкчөсү, канализация системасы  талапка жооп бербейт, көпчүлүк ашканалар суу түтүкчөгө, канализация системасына туташа элек, мындай абалда суну ташып келүү, саркынды сууларды кол менен ташыганда, баарыбызга белгилүү идиш-аяктарга суу аз иштетилип, идиш-аяктар сапатсыз жуулушуна алып келип жатат. Базарда сатылып жаткан газ сууларын, суусундуктарды, улуттук суусундуктардын даярдалышы, сатууга бериле турган санитардык багыттагы документтерди талап кылышпайт, сатуучуларга орунду берип коюшат. Ошондуктан натыйжада ушундай кемчилдиктер чыгат. Базарда өндүрүштүк көзөмөл уюштурулган эмес, атап айтканда сатылып жаткан продукцияларга шарт түзүү (муздаткыч полкалар, күндүн нурунан сактоо ж. б) алардын сактоо мөөнөтүн, жана сапатын лабораториялык ыкма менен көзөмөлдөө атайын адис тарабынан, жүргүзүлүшү талап кылынат.

Бүргөндү соода борбору базардын ичинде мини ашканаларда тартипке келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, бирок ашканалар начар абалда экендигин белгилөө зарыл. Бир дагы ашканада, идиш жууганга шарт жок, атап айтканда сууну каналдын ташып пайдаланышат, таза суу уюштурулган эмес, канализация системасы жок, ашпозчулардын  40-45%ы медкароодан өткөн эмес, 30% ак халаты жок, анын ордуна түстүү халат кийишкен. Базардын территориясы асфальт менен толук басылган эмес, чаё көтөрүлүп, тамак-аш, кийим-кечектер булганат, сатып алуучуларга, кардарларга бир топ кошумча мүчүлүш пайда болот. 2013-жылдын 25-сентябрында текшерүү болгондо, санитардык абалы начар, идиштер начар жуулган,ак халаттары жок, медкароодон өтүшпөгөн, начар обьект деп табылган жеке ишкер Абдуллаева К, Камчиева Г караштуу ашканалар убактынча жабылган. Ал эми жеке ишкер Ажикабылов К, Ахмедов А, Камчиев А Султанов А, Абдуллаева К, Айбашева М, Камалова М, Орозбаева Ш, Абдуллаева З, Жалилов А караштуу ашканаларда гигиеналык абал начар экендиги белгиленди, кемчилдиктерди четтетүү үчүн сунуштар берилди, кээ бирине айып салынды.

Үч-Коргон зоонасы боюнча жеке ишкер С.Шарафутдиновго караштуу чайханада, идиш жууганга шарт жок, жайкы кухняда, тамак даярдаганга керектелүүчү буюмдар баш аламан болуп жаткандыгы белгиленди. Ушул кемчилдиктердин негизинде жеке ишкер Шарафутдиновго 1000 сом айып салынды, жана чайханасы ремонт өткөрүү үчүн, санэпид көзөмөл борбору тарабынан жабылды. Санитардык эрежелерди толук аткарбагандыгы үчүн ашкана башчысы Ф.Муллажановго 1000 сом, Р.Шакировго 500 сом айып салынган. Ошондой эле жеке ишкер Сатыбалдиев М, Сражидинов М, Пахырыдинова Ж караштуу дүкөндөр жана У.Абдилахатовго  караштуу эт ларегу жана К.Арабжановго караштуу чайханалар, санэпид көзөмөл борбору тарабынан, убактынча кемчилдиктерди жоюу максатында жабылды.

Айдаркен шаарында кетирген кемчилдиктер үчүн жеке ишкерлер Акбаралиев А, Мадалиев ар бири 1000 сомдон айып төлөштү. “Минутка”, “Келечек” кафелери убактынча жабылды.

Кайсы ашканага барып, тамактанууну ар бир адам өзү билет. Бирок эл таза абалдагы ашканага барып тамак ичсе, мындай начар обьектилер өзүнөн өзү четте калышы керек. Ошондо алар өзүнөн өзү жоголуп кетет. Ошол эле мезгилде талапка жооп бере турган ашкана, дүкөндөр көбөйүп, элдин арасында жугуштуу ичеги-карын оорууларынын азайышына алып келет.

Т. Чоенов, Кадамжай райСЭКБнын санитардык бөлүмүнүн башчысы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы