МАЙРАМДАР

«Жакшылыктардын жылы болсун!»

el_kdm_001А.К.Мадумаров,
Кадамжай районунун акими

Урматтуу районубуздун тургундары!
Сиздерди кирип келген Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, бекем ден соолук, жашоо турмушуңуздарда бардарчылык, ишиңиздерде ийгилик каалаймын!
Өткөн 2013-жыл өлкөбүздүн тарыхына алтын тамгалар менен жазылып, Кыргыз эли үчүн унутулгус жылдардан болуп калат. Эң башкы окуя катары паракорчулук, коррупция, жагынуучулук сыяктуу эң жаман көрүнүштөрдөн арылууга негиз болуп берери шексиз. Бийлик тараптан көп жылдардан бери орноп калган бардык терс көрүнүштөрдү жоюу үстүндө катуу иш алып барууда. Бул аракеттер келечекте өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө, элдин турмуш деңгээлин жакшыртууга алып келет деп ишенебиз.
Президентибиз белгилегендей “Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылыш керек”. Ошондуктан бийликтин баштапкы деңгээлинен тартып, министрликтерге чейин иш убактысынын көбүрөөгүн элдин арасында болуп, калкты тынсыздандырган проблемаларды жайында көрүп, колдон келишинче ордунда чечүү зарылдыгы белгиленген.
Президенттин койгон талаптарын ишке ашыруу максатында райондук мамлекеттик администрация эл менен жер-жерлерде жолугушуунун графигин түзүп, жакындан баарлашууну, маселелерди кеңешип чечүүнү күндөлүк практикалык ишине айландырды. Жолугушуу учурунда суроо-талаптар боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү. Андан тышкары райондук мамлекеттик администрацияда элдин арыз-каттарына сергек мамиле жасоо колго алынды.
Өлкөбүздө демократиянын орнотулуп жаткандыгын күндөлүк турмушубуздан даана көрүп турабыз. Райондун шаар, айыл аймактарын кыдырып, эл менен болуп жаткан жолугушуулардан эле байкалып турат. Анткени, элибиз мурдагыдай коркуп-үркпөстөн жайындагы чечилбей келе жаткан проблемалар, аларды четтетүү тууралуу ой-пикирлерин тартынбастан айтышат. Муну биздин абалды жакшыртууга багытталган иш-аракеттерибиздин натыйжалуу болушу үчүн айтылган сын катары туура кабыл алабыз. Биздин баарыбыздын алдыбызда турган эң негизги милдет – өзүбүздүн темирдей бекем тартибибиз, талыкпаган аракетибиз менен экономиканы чыңдоо. Бул багытта жакшы иштер башталды деп айтууга толук негиз бар.
Буга чейин Кыргызстанда болуп өткөн чукул саясий өзгөрүүлөр, дүйнөлүк коомчулук тарабынан туура кабыл алынган. Өлкөдө чыныгы демократиянын орнотулушу жана бул жол менен өнүгүшү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келет. Айрыкча, Россия, Казакстандан гана эмес дүйнөнүн башка өнүккөн өлкөлөрүнөн биздин өнөр жайыбызды, экономикабызды өнүктүрүүгө жана эл чарба өндүрүшүн, башка тармактарын жандандырууга ири өлчөмдө инвестициялардын келип жатышы буга далил боло алат.
Дагы бир маанилүү окуя – бул районубуздагы мөөнөтү бүткөн 5 айыл аймагынын башкача айтканда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо болду. Мында жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн татыктуу деген инсандарын тандап алышты.
“Үйдүн бекемдиги – анын такпайынан башталат” дегендей өлкөбүздүн мындан ары өнүгүп-өсүшү мамлекетибиздин фундаменти болгон жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишине жараша болору бышык.
Дагы бир маанилүү окуя – август айынан баштап, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы көбөйдү. Булар албетте, алгачкы гана кадамдар деп эсептейм. Алдыда дагы көп иштер турмушка ашарына ишенимибиз бекем. Ал үчүн ар бирибиздин алдыбызда катуу талаптар турат. Ушул талаптарды аткарууда ырааттуу иш алып барышыбыз керек. Ошондо гана сөзсүз ийгиликке жетишебиз. Ийгиликке жалгыз киши аракети менен жете албайт. Качан гана жалпы же көпчүлүк жапа тырмак киришкенде гана жетишүүгө болот.
“Жаңы жылды кандай тоссоң, бүтүндөй жыл ошондой болот”-деген сөз бар элде. Мына көз ачып жумганча эски жылды дагы узатып, жаңы жылдын босогосун аттап отурабыз. Ошондуктан эски жылды узатып, Жаңы жылды жаркын маанайда тосуп алалы! Өмүрүбүздү жалаң жакшылыктар жылоолоп, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, ар бирибиз ар кимге жалаң жакшылыктарды каалап, жакшы сапаттарыбыз менен татыктуу жашоого милдеттүүбүз.
Босогобузду бир нече минуттардан кийин аттап кирип келген Жаңы жыл бүткүл элибизге жакшылыкты, токчулукту алып келсин! Дайыма асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык болсун. Ишибизди ийгилик коштоп, кудайым оомат берсин. 2014-жыл – Кыргызстандын мындан ары өнүгүүнүн, жаңы жогорулаштардын жылы катары тарыхта калсын.
Сиздерди кирип келген Жаңы жылыңыздар менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын жана жеке өзүмдүн атымдан дагы бир жолу куттуктап, баарыңыздарга бак-дөөлөт каалап кетем!

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы