МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Тамашалык профессор

профессор Зиябидин Айдаров
Гезитибиздин 4-декабрдагы санына журналист Акматбек Асановдун «Жергебизден дагы окумуштуулар чыгабы?»- деген макаласы жарыяланып,окурмандар арасында зор кызыгууну жаратты.Тактап айтканда, редакцияга ар кандай мазмундагы сунуштар, пикирлер менен кайрылгандар көп болуп жатат. Ошондуктан, көпчүлүк окурмандардын сунуштарын эске алып, районубуздан чыккан илимпоздор жөнүндө маалымат берүү максатында, «Кадамжайлык окумуштуулар» аттуу рубриканы ачтык.

Бул рубриканын астында, жергебизден чыккан ар бир илимдин аалымдары жөнүндө кыскача маалыматтарды гезит бетине жарыялап турмакчыбыз.
Бүгүнкү биздин биринчи каарманыбыз Тамаша айылынын кулуну, медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров.
З. Айдаров 1965-жылдын 21-мартында Тамаша айылында туулган.1982-жылы Э.Тельман (азыркы Акжол Камбаров) орто мектебин аяктап, Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин, 1985-жылы Фрунзедеги медицина институнун дарылоо факультетине тапшырып, 1992-жылы врач хирург адистигине ээ болгон. Институтта окуп жүргөн кезинде, окуудагы эң жакшы жетишкен ийгилиги менен коомдук иштерде көрсөткөн активдүүлүгү эске алынып, аталган окуу жайдын жетекчилиги жаш адисти аспирантурага кабыл алышат. Ошонон тарта азыркы Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясынын «коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасында студенттерге лекция окуп, мугалимдик кесипти аркалап келе жатат.
1996-жылы «Таза суудагы химиялык заттардын ден соолукка зыяндуулугу» — деген темада диссертация жактап, медицина илимдеринин кандидаты, доцент болгон. Окумуштуулук билими менен тажырыйбасын, өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо тармагына арнап, жогорку билимдүү адистерди даярдоодо жана терең билим берүүдө үлкөн салымын кошуп келет. 2001-жылы Зиябидин Айдаровдун талыкпаган окумуштуулук эмгеги бааланып, илимпоздор тарабынан медицина илиминин доктору, профессор наамы ыйгарылган.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы