Жылдан жылга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук күч алып бараткандай. Жашы жете электердин кылмышка тартулуусунун негизги себеби катары, жашоо айынан чет жактарга агылган ата-энелер. Ата-эненин көзөмөлүсүз жүргөн бала, караары жок, каалаганын кылганга өтөт эмеспи. Бүгүнкү күндө ал гана эмес, өз өмүрүнө кол салгандар көбөйдү. Өткөн жылы Кадамжай районунда 9 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Алардын ичинен 3 окуучу Айдаркен шаарындагы №20 Маканов орто мектебинин окуучулары. Өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгүнүн ата-энелери чет жактарда мигрант болуп жүргөндөр. ЖЖӨИнын (ИДН) инпекторлорунун айтымында, өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн көбү кыздар. Мода, сүйүү, жетишпестик сыяктуу шылтоо менен жандарын кыйышкан.
Кадамжай районунун аймагында 2012-жылы 9, ушул жылдын 8 ай аралыгында 2 өспүрүм өз жандарын кыйышты. Биз ар бир мектепке барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Райондо 68453 өспүрүм бар. 8 ай ичинде 4 окуучуга уурулук, 2 окуучуга тоноочулук, 1 окуучуга бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон. Биз жакында “Подросток” аталышындагы операция өткөрдүк. Анда соода-сатыкка тартылган балдарды кармадык. Алардын көбү спирттик ичимдиктерди сатышат. 44 кармалган өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди-дейт райондук ЖЖӨИнын башчысы Замирбек Камалов.
Чындыгында акчага азгырылган өспүрүмдөрдүн спирттик ичимдиктерди сатып жатышы, эртең анын ичкиликсиз жашоо кечирет-деп эч ким кепилдик бере албайт. Бир гана акча деген идеология жүрүп жаткан заманда, келечек ээлерине туура багыт берүү ар бирибиздин милдетибиз.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы