КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Оорукананын курулушу жанданат

el_kdm_001Чатыры жабылууга келип калган аймактык оорукананын биринчи корпусунун курулушу мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан улам солгундай түштү эле. Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты, ЖКнын төрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекова жана райондун акими А.К.Мадумаровдун  Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Кайрымдуулук фондусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, бул курулушка фонд тарабынан 5 млн. доллар бөлүнөрү айкын болду. Буга чейин Аравиянын Кыргызстандагы Кайрымдуулук  фондусунун директору Али Айоуб аймактык оорукана менен жакындан таанышып чыккан. Буюрса эми ооруканабыздын курулушу тездеп, бүткөрүлүп элдин саламатчылыгын сактоодо кызмат кылат.   

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы