Бүгүн Айдаркен сымап комбинатынын бир топ убакыттан бери суу басып жаткан 800 метр тереңдиктеги шахтасынын суусу насостор аркылуу айдалып, чыгарыла баштады.
Шахтанын жок болуп кетейин деген жеринен азыркы директору Толубай Салиев сактап калуу менен бирге шахтага түшүүчү лифттерди калыбына келтирип, буга керектүү эмеректерди Россиядан сатып алып келүүгө жетишкен.
Комбинаттын бүгүнкү күндөгү акыбалы менен жакындан таанышуу максатында КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров жайынан таанышып чыгышты. Жетекчилер «Кен өндүрүүдө, комбинатты ар тараптан колдойбуз»-деген пикирин билдиришти.
Быйылкы жылга карата комбинат 75 тонна сымап өндүрүүнү божомолдоштурган. 9 айдын жыйынтыгы менен 55,3 тонна башкача айтканда 228 млн. сомдук сымап өндүргөн.
Жылдын жыйынтыгы менен божомол планды аткарууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар экенин комбинаттын башкы директору Т.Салиев билдирди.
Бүгүнкү күндө сымаптын баасы 1 тоннасы 97,664 АКШ долларын же 4 млн 639 миң сомду түзүүдө.
Азыркы мезгилде жумушчулардын саны 540ка, эмгек акы 4320 сомго өсүп, жумушчулардын орточо айлык эмгек акысы 11523 сомду түзөт.
Сүрөттөр - автордуку
Келечекте Айдаркен комбинаты бир гана сымап иштетип чыгаруу менен чектелбестен, башка сейрек түстүү металлдарды кайрадан иштетүүгө багытталышы күтүлүүдө.
Асылбек Тажибаев, атайын кабарчы