Орозбеков айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү жергиликтүү элдин цемент заводдоруна коюлган талаптары боюнча коюлган маселелерди мыйзам ченемдүү деп эсептейбиз. Маселе А. Орозбеков айылына караштуу «Надир» темир кен участкасынан «Даннур Юг» жана Кызыл-Кыя ЮКЦ ( түштүк кыргыз цемент) заводдору цементке кошулуучу баалуу сейрек кездешүүчү таштарды арзан баада ташып кетүүсүндө болууда. Тактап айтканда Кызыл-Кыя цемент заводу 2007-жылдын 3-июлдан баштап, аренда катарында айына 1200 сомдон төлөп, 2011-жылдын 1-марттан тартып, 4166 сом 66 тыйын төлөп келүүдө. Мындай төлөмгө А. Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калкы каршы. Себеби, Орозбеков айылында жөнөкөй таштын бир машинасынын баасы 2500-3000 сомду түзөт. Ал эми коңушулаш Бүргөндү айылында аки-ташка иштелүүчү таштын баасы 1 киллограмы 1сом 50 тыйын турат. Мындай бааларга салыштырмалуу жогорудагы цемент заводдордун жергиликтүү Өкмөткө төлөгөн салыктарын адилетсиз деп эсептейбиз. Жогоруда аталган цемент заводдордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенство тарабынан берилген лицензиялар, ошондой эле А. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы менен түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулук жагын иликтеп көрсөк, чындыгында Кызыл-Кыя шаарындагы «Түштүк кыргыз цемент» заводуна мамлекеттик агенство тарабынан 2007-жылы 25-июнда № 1183 МЕ лицензиясы берилген. Анын негизинде 7 га жер аянтын 20 жыл мөөнөткө иштетүүгө А. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан эки тараптуу келишим түзүлгөн. Ал келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелинде № 261 жер кен байлыктары боюнча жобонун негизинде түзүлгөн. Ошол жобонун 10-пунктунда айыл өкмөтүнүн жетекчиси жер салыгы менен рекултивацияны гана талап кылат – деген мазмунда жазылган. Башкача айтканда жергиликтүү элдин кызыкчылыгы каралган эмес. Ошол кезде цемент заводуна мамлекеттик агенство тарабынан берилген лицензиялар мыйзамдуу түрүндө берилген эмес. Себеби, лицензияны берүүдөн мурда жергиликтүү элдин депутаттары, жана коомчулук менен макулдашпай, элдин кызыкчылыгы эске алынбай эле берилип калган. Тактап айтканда, берилген лицензиялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №261 жер кен байлыктарды пайдалануу боюнча жоболор мурдагы коррупцияланган эл кен байлыктарын жеке кызыкчылыгы үчүн саткан, саткын бийликтин тушунда жазылып, кабыл алынган. Бир эле лицензия менен элдин кен байлыктарын сатып жиберүү бул Конститутцияга каршы келет. Азыркы бийлик да аларды чечүүгө жетишкен жок. Өлкөбүздө Кыргыз Республикасынын Конститутциясы негизги мыйзам болуп саналат. Ошондуктан жогоруда аталган жоболор формалдуу түрүндө гана мыйзамдуу болуп эсептелинет. Себеби, ал жоболор коррупцияланган бийликтин жана кайсы бир топтордун өз кызыкчылыктарына алынган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 5-пунктунда жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелинет – деп белгиленген. Демек, мамлекеттин өзөгүн эл түзгөндөн кийин, жер кен байлыктар мамлекеттин жана жергиликтүү элдин кызыкчылыгы сөзсүз түрүндө каралышы керек. Кызыл-Кыя цемент заводу миңдей элди жумуш менен камсыз кылып, жер салыктарын өкмөткө төлөгөн учурда да, ал мамлекеттин жана жергиликтүү элдин Конституцияда көрсөтүлгөн кызыкчылык талабына толук жооп бербейт. Кызыл-Кыя цемент заводу аталышы эле ЮКЦ деп аталганы менен анын негизи киреше пайдасын акционерлер көрүүдө. Өкмөттүн токтом жоболору бул негизги мыйзам эмес аны жөнөкөй түшүндүргөндө мыйзамды аткаруучу эреже жолу деп түшүнсөк болот. Өкмөттүн токтом, жоболору качан мыйзамдуу деп саналат. Алар Конститутциянын негизинде мамлекеттин жана жергиликтүү элдин кызыкчылыгын толук камтыганда гана сапаттуу жана мыйзамдуу болот. Андай болбосо, элдин адилеттүү талабы боюнча Өкмөт тарабынан кабыл алынган токтом жоболор өз күчүнө формалдуу түрүндө гана ээ болуп, элдин талабына жараша ал жоболор бийлик тарабынан өзгөрөт. Бир эле мисалды алсак, Кызыл-Кыя цемент заводунан өндүрүлгөн цементтин баасы 4сом 40 тыйын болсо, ортомчулар аркылуу 5 сом 40 тыйындан сатылууда. Мында суроо туулбай койбойт, ортомчулар акчасына сатып алып, бир күндө эле 3000 тонна цемент өндүрүлсө, жок жерден анын пайдасын көрүп жатпайбы? Мындай абалда эмне үчүн жергиликтүү эл, өз кен байлыгын эсебинен жок дегенде 1 киллограмм ташты 50 тыйынга сата албасын. Элдин маалыматына караганда Кызыл-Кыя цемент заводу Ноокат районуна караштуу жерден цементке кошулуучу топурактын 1 киллограммын 50 тыйындан сатып алууда. Мына ушундай адилетсиздике А. Орозбеков айылында жашаган калк каршы.
Жогорудагы көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу жергиликтүү калктын талабын туура деп эсептеп, А. Орозбеков айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссиянын ЮКЦ га коюлган талаптары төмөнкүчө.:
1. А. Орозбеков айыл округуна караштуу «Надир» кенден арендага алынуучу сырье сейрек кездешүүчү металдардын составына киргендиктен анын ар бир тоннасына 1000 сомдон төлөнсүн.
2. Мамлекеттик агенство тарабынан берилген лицензия боюнча Кызыл-Кыя цемент заводу ар жылына 33 000 тонна сырье алууга уруксат берилген. ЮКЦ заводу биздин эсеп боюнча сырьену эки эсе көп ташып кетүүдө. Ошондуктан, артыкча алган сырьего тоннасына 2000 сомдон төлөнсүн.
3. А. Орозбеков айылындагы жана Айдаркенге кеткен жолдор бузулбоо үчүн сырье алынуучу «Надир» участкасына текшерүү таразасы орнотулсун жана 20 тоннадан ашыкча жүк ташылбасын.
4. А. Орозбеков айылында жашаган элге өз баасында цемент сатылсын.
Жогорудагы көрсөтүлгөн талаптар 18-июлга чейин аткарылбай эки тараптуу келишим кайра түзүлбөсө Сары-Талаа участкасындагы «Надир» кен карьерине өтүүчү жол эл тарабынан кайра тосулат.
А.Орозбеков айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү:
А. Назарбаев
Т. Абдиллаев
П. Маматов
А. Кожоев
Э. Аскарова