СПОРТ

13 жаштагы мигрант ийгилик жаратты

Россияда мигрант жердештерибиз күндөн-күнгө көбөйүп барат. Алардын ичинде ар кандай тагдырларга туш болуп, үй-бүлөнүн бузулушу, селсаяк, адам өлүмү, кыздардын кордолушу сыяктуу аянычтуу учуралар көп болуп жатат.
Бул көрүнүштөрдөн таптакыр айырмаланып өлкөбүздүн экономикасына салымын кошуп, Кыргызстандагы жашоо турмушун жакшыртып, кабат-кабат үйлөр салынып, авто унаалардын түрүнөн айдаган атуулдарыбыз арбыды. Россия шаарларында өздөрүнүн жеке бизнестерин ачып, кыргыз жаштарынын башын бириктирген уюмдардын иш алып барып жатышкандыгы кубантпай койбойт.

Пазилидинов Улукбек – Сүрөт Азамат Абсаттаровдуку

Азыр сөз болчу Россияда спорт жаатында кыргыздын атын чыгара баштаган 13 жаштагы Пазилидинов Улукбек.
Афган согушунун 24 жылдык эскерүү күнүнүн урматына, Россиянын Иркутск областынын Тай бокс боюнча өспүрүмдөр арасында биринчилиги өткөрүлдү. Анда Улукбек 49 кг салмакта таймашып, биринчи орунду алып, медал жана грамота менен сыйланды. Буга чейин да бир канча турнирге катышып, 2-орунга жеткен болчу.
Атасы Азизбек Пазилидинов бала-чакасы менен Иркутск областында иштешип, убактылуу жашап келишүүдө. Уулу Улугбекти аталган облустагы «Жим Тонг» спорт клубуна машыгууга берген.
Пазилидинов Улукбек 1999-жылы Кадамжай районунун Орозбеков айылында туулган.
Жаш спортчу келечекте өлкөбүздүн намысын коргогон жигиттерден болооруна ишенебиз.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

 

 

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы