МАДАНИЯТ

Гимнди кескилеген хирург депутаттар

Абдинаби Назарбаев
Жакында жаңы-жылдын алдында коомдук каналдын «Күндарек» программасынан Жогорку Кеңештин депутаттары Гимндин ыр саптарын кароо учурунда бир куплетин алып салгандыгы жөнүндө кабарды угуп, чыгармачыл адам катары аябай өкүндүм. Гимн бул кетмендин же күрөктүн сабы эмес, ал сынып калса кайрадан кыркып кагып койгудай. Ошондуктан, Гимнге өтө аяр мамиле жасоо керек экендигине ар бирибиз маани берсек. Мындай терең изилденбей шашылыш кабыл алынган чечим жалпы элибизге пайда алып келбейт деп эсептеймин. Эгерде Гимндин бир куплети алынып салынса, биринчиден Гимндин текстиндеги ыр саптарынын логикалык байланыштары үзүлүп, анын тарбиялык мааниси келечек муундарга жетпей калат. Экинчиден аны бийлик күчкө салып кабыл алган күндө да мамлекеттин казынасына чыгым болуп, кайрадан бир топ жылдардан кийин Гимнге кайрылууга туура келет. Себеби Гимндин текстериндеги ыр саптарында бир топ кемчиликтер бар. Ага мамлекет каражат кетирип, миңдеген акчаларды коротконго жараша Гимндин ыр саптарын оңдоп түбөлүктүү кылып түзүү бул мезгилдин талабы.
Өзгөртүүгө себеп болгон мамлекеттик Гимнге токтолсок, мамлекеттик Гимндин текстин жана желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-майында № 460-v Токтому кабыл алынып, анын негизинде комиссиялардын курамы түзүлгөн. Ал комиссиянын курамына ар бир фракциядан үчтөн депутат, белгилүү илимпоз жазуучулар, коомдук ишмерлер, алардын катарында менда киргенмин. Ошентип ал токтомдун негизинде мен түзүлгөн комиссиянын курамына кирип, 2011-жылы Жогорку Кеңештин имаратында үч жолу Гимндин ыр саптарындагы текстерин талкууга катышканмын. Биринчи жолу чогулушка катышканымда Гимндин текстериндеги кемчилик каталарын чогулуштун катышуучуларына түшүндүрмө бергенмин. Экинчи жолу чогулушка катышканымда Гимндин экинчи куплетинне Каныбек Абдыкадыров деген агай менен Шабданбек Кулуев толуктоолорду киргизип сунушташкан экен. Аны чогулушта талкуулап көрүп, ал сунушталган куплеттер жарабайт деп тапканбыз. Ошол кезде Жогрку Кеңештин депутаты, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов менен өз ара сүйлөшүп калдым, ал агай «Гимнге мен авторлош болгум келгенде мурда эле катышмакмын» деп айткан эле. Үчүнчү жолу чогулушка катышканымда Кыргыз эл акындары Шайлообек Дүйшеев жана Э.Эрматовдор Гимндин текстерине толуктоолорду киргизген вариантын сунушташкан. Бирок ал сунушталган эки купулет ырда өтпөй калган. Ошол эле учурда Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин өзүнүн варианты сунушталып, ага бир аз толуктоолор киргизилген. Түзүлгөн комиссиянын жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев менин эмгегимди эске алып, Гимндин текстиндеги кемчиликтерди оңдоп түзөгөн ушул жигиттин демилгеси деп, ал комиссиянын мүчөлөрүнө түшүндүрмө берип, мени Гимндин текстин оңдоп түзөтүүгө авторлош кылып киргизген болчу. Бирок, мен ага авторлош болгонума ынанган эмесмин. Себеби Гимндин текстериндеги оңдоп түзөөлөр, көңүлдөгүндөй түзөлбөй калган эле. Тилеке каршы мени ошол кезде авторлош кылып кошкону менен Гимндин автору менин толук сунушумду кабыл албай, өзүнүкүн туура деп эсептеп, укугуна таянып макул болбой койгон. Эми ошол автор оңдогон экинчи куплет, толугу менен депутаттарга жакпай алып салынып жатпайбы. Эгер менин сунушумду автор туура кабыл алганда андай болмок эмес. Мен Ш.Кулуеевге ошол кезде эле айткан элем. Ал куплет жакшы түзүлбөй калды деп. Эгерде менин оңдоп түзөгөн ыр саптарым Э. Эрматов менен Ш. Дүйшеевдики болгондо алардын сунуштары сөзсүз түрдө кабыл алынмак. Мага болсо, эл тааныбаган айылдык бир киши келип, Гимнге авторлош болуп калабы деген көралбастык, пастык менен мамиле жасалып жатпайбы?
Эми Гимндин автору Ш. Кулуев, Э. Эрматов жана Ш. Дүйшеевтердин сунуштаган варианттарын талкуулап көрөлү.

Ат ойнотуп комуз чертип таң аткан,
Асыл жерди көлдү берди жараткан.
Биз бир элбиз ынтымакты достукту,
Бийик тутуп биримдикте бараткан.

Наркы бийик салты ыйык элденбиз,
Намыс менен эмгек менен келгенбиз.
Ай ааламга Кыргыз атын тааныткан,
Айкъл Манас мекендеген жерденбиз.

Аталган ыр саптарын окуганда ар бир кыргызга жагат. Бирок, ал Гимндин аныктамасындагы талабына толук жооп бербейт. Тактап айтканда бир эле элибиздин тарыхы менен салты айтылып калган. Гимн деген эмне? Гимн бул мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Ошондуктан Гимндин текстиндеги ыр саптары мааниси боюнча жаңы коомго жараша башка ырлардан өзгөчө айырмаланып турат. Мисалы, туулган жер, ата-эне, мекен, сүйүү ж.б.у.с ырлар бир маани боюнча аяктаса а Гимндин текстиндеги тарбиялык ураан чакырык, ата мекен, эл, эмгек, билим илим, өнүгүү ж.б.у.с мазмундарда жазылат. Аталган түшүндүрмөгө жараша Гимндин ыр саптарындагы куплеттер ар башка мазмундарда түзүлөт. Бизде ага маани бербей кээ бир акындар ыр саптарынын мазмундары жана уйкаштыктары, куюулушкан эмес деген сын пикирлерди айтышат. Гимндин текстинде негизинен мамлекеттин негизги тарбиялык багыттагы идеологияны камтыган ыр саптары куралуусу керек. Аны адам окуганда же ырдалганда рухий жактан азыктанып туруусу абзел. Ошондуктан тарбиялык багыттагы ырлар уйкаш болбосо да так учкул насаат мазмундарда жазылат.
Гимндин автору Ш. Кулуевдин вариантына көңүл буралы. Анын Гимндин экинчи куплетине киргизилген толуктоолоруна токтолсок төмөнкүчө:

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Достуруна даяр колун берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Береке кут толсун кыргыз жерине.

Эми жогорудагы ырды чечмелеп көрөлү. Байыртадан бүткөн мүнөз элиме, мүнөз эмнеден бүтөт, ал жараткандан же табияттан бүтөт эмеспи? Досторуна даяр колун берүүгө, мында досторуна колун бербей туруп, элдин кайдагы ынтымагы болот деген суроо туулбай койбойт. Тактап айтканда ырдын мазмуну боюнча, кийинки саптарына шайкеш келбей жатпайбы? Эми менин сунушума көңүл буруңуз.

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Куттуулукту берет кыргыз жериме.

Аталган ырды талдоого алсак,
Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле – болгондо гана бул ынтымак эл бирдигин ширетип деп айтса туура болмок. Мына ушундай менин туура сунушума ошол кезде автор макул болбой койгон. Ошол автордун оңдоосун депутаттар туура табышпастан ырдын бир куплетин биро толо алып ташташпадыбы? Ал ырдагы негизги тарбиялык маани өзгөрбөй калышы керек болчу. Ошондуктан башка мамлекттердики Гимни эки куплет экен дебестен бардык нерсенин үлгүлүү жагын гана алышыбыз керек.

Эми Гимндеги ыр саптарды жалпысынан анын туура эместиги жөнүндө талкуулап түшүндүрмө берели.

Ак мөңгүлүү аска зоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
– Аталган ыр саптарына маани бесек, а дегенделе ак мөңгү менен талаалардан башталып, ата мекен жөнүндөгү ой так түшүнүктүү берилбей калган. Аска зоолор талааларды элибиздин жаны менен барабар – деп айтууга болбойт. Мисалы Мекенибиз ыйык тоолор гүлзарлар,
Элибиздин жаны менен барабар
– деп айтылса, туура болмок.
Сансыз кылым Ала Тоосун мекендеп эмес, сактык менен эл мекенди ардактап, сактап келди биздин ата бабалар- дегенде ырдын логикалык байланыштары да туура келмек.

Кайырмасына да ой жүгүртүп талкуулап көрөлү.

Алгалай бер кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер өсө бер,
Өз тагдырын колуңда.

Аталган ыр саптарындагы мазмундарда Кыргыз улуту эмес, башка бир улуттун өкүлү экинчи тараптан кыргыз элине тилек каалоо максатында айтылган мазмунду камтып тургандыгы талашсыз. Мында да ырдын мааниси боюнча каталыктар кетирилген. Ал катанын маанисин туура эместигин билүү үчүн мисал келтирсем. Мисалы, жеке түрүндө кайырмада берилген ыр сабындагы элдин ордуна Азамат деген адам атын коелу.

Алгалай бер Азамат,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер өсө бер,
Өз тагдырың колунда
– дегенде Азамат өзүн-өзү тилге маани бербей мактап ырдап жаткандыгы бул тилдеги чоң каталык. Себеби өзүн-өзү мактаган адам этикага туура келбейт. Бирок, андагы ыр жагымдуу угулгандыгы менен чоң салтанаттуу кече жыйындарда, окуу жайларда эл өзүн-өзү башка бир улуттун атынан кыргыз элине каалоо тилекти өзү ырдап жаткандыгы да туура эмес.

Гимндин экинчи куплетин жогоруда талкууга алганбыз.
Ошондуктан үчүнчү куплетине өтөлү.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги
– деген ыр саптарында Эгемендүүлүктүн кичинекей мезгилин камтыган мааниси бар. Ал сөз желбиреди эркиндиктин желеги деген. Калаган ыр саптарын эки сабы болсо жыйынтыктоочу мазмунду камтыган. Тактап айтканда ырдын биринчи куплетинде бериле турган ойду үчүнчү куплетине таңып койгон.
Калаган акыркы эки сап ыр саптарынын мазмунуна шайкеш келиш үчүн төмөндөгүдөй жазылыш керек болчу.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбирей бер эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели
– деп жазылганда гана тилек максатында айтылып бата сымал болмок.

Эми мен сунуштаган Гимндин эки вариантына көңүл буруңуз.

Мекенибиз Ала тоолор гүлзарлар,
Ата мекен жаныбызга барабар.
Сактык менен эл мекенди ардактап,
Сактап келди биздин ата- бабалар.

Кайырма:
Өнүгөлү биздин эл,
Билим-илим жолунда.
Өркүндөйлү өсөлү,
Өнүгүүнүн доорунда

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип
Куттуулукту берет кыргыз жерине.

Кайырма

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбирей бер эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Эми экинчи варианты.

Элибизге элдик бийлик кут келди,
Гүлдөтүүгө ыйык ата мекенди.
Ак эмгекген өркүндөтсөк мекенди,
Муундардын сыймыгы бул эртеңки.

Кайырма:

Өнүгөлү биздин эл,
Билим-илим жолунда.
Өркүндөйлү өсөлү,
Өнүгүүнүн доорунда

Мекенибиз ыйык тоолор гүлзарлар,
Ата мекен жаныбызга барабар.
Сактык менен эл мекенди ардактап,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип
Куттуулукту берет кыргыз жерине.

Негизинен Гимндеги тарбиялык ыр саптары элге сиңип, жеткиликтүү болуу үчүн аны окуучулар менен студенттерге жаңы коомго жараша чечмелеп түшүндүрмө бергенде гана ал элге сиңип жемиштүү болот.
Мисалы сунушталган Гимндин экинчи түрүн чечмелеп көрөлү.
Элибизге элдик бийлик кут келди,
Элдик бийлик деген эмне? Элдик бийлик бул коомдогу башкаруунун эң жогорку түзүлгөн формасы. Ошондуктан Баш мыйзамыбызда эгемендүүлүктүн ээси жана бийликтин булагы эл деп жазылган. Элдик бийлик элибизге эмненин негизинде келди? Албетте эгемендүүлүктүн. Эгемендүүлүк деген эмне? Эгемендүүлүк бул Ата мекенге элибиз ээ чыгуу эле эмес, дүйнөлүк коомчулукта улут катары тилин маданиятын сактап, таанылган эл, өз алдынча көз карандысыз мамлекет куруп, коомго жараша өнүгүп адамдык асыл сапаттардын негизинде эркиндикте жашоо дегенди билдирет.
Эгемендүүлүккө кыргыз эли канча жылда жетти жана анын баркы эмнеде? Эгемендүүлүккө кайсы учурларда доо кетет? Ж.б.у.с Гимндин текстиндеги ыр саптарын чечмелеп түшүндүрмө бергенде Гимн ырдалган учурда ата-бабалардын тарыхтагы басып өткөн кыйынчылыктарын көз алдыбызга элестетип, ушул эгемендигибизге жеткенибизге сүйүнүп, кайгы менен сүйүнүчтүн ортосунда тургандыгын адам сезгенде гана жүрөгүнө колун коюп туруусу керек. Тилеке каршы биз андай түшүнүктөгү мааниге жетише элекпиз. Андай түшүнүккө жеткенибизде Гимндин бир куплетин депутаттар алып салышмак эмес.
Россия Федерациясында да СССРдин Гимнин текстин мурдагы авторлор эле кайрадан оңдошуп коюшкандыгы көпчүлүккө маалым.
Мага атак-данк наам керек эмес, мейли депутаттар Гимнге мени авторлош кылып кошушпасын, андагы оңдоолор менин кыргыз элиме кошкон салымым болсун деген тилегимди билдирип кайрылуумду аяктаймын.

Сиздерди урматтоо менен Баткен облусунун, Кадамжай районунун, Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, акын, юрист Абдинаби Назарбаев. Тел: 0778 96 90 53

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы