Ар бир адам баласы бул дүйнөгө келгенден кийин, ажал келип сөзсүз кетери бар. Бирок азыркы күндүн көйгөйүнө айланган бул маркумду акыркы сапарга узатуу, өлүк чыккан үйдө музыка, бий гана болбосо калганы кудум той сыңары. Биздин облуста гана эмес, кээде жанаша турган айылдарда эле ар башка расмилер колдонулат. Ошол элдик салт деп кошумчасын кошуп, колунда барыда, жогуда кыйналууда жана эл эмне дейт? – деген түшүнүктүн түйшүгүнө түшкөндөй. Кээ бирөөлөр кредит алып, өлүк узатып, төлөй албай айласын таппай жүргөндөр канча…
Биз Кадамжай районунун аймагында болуп жаткан өлүк узатуу салтын иликтеп көрдүк.
Бир маркумду узатууга кеткен чыгымдар
(орто эсеп менен алганда)
1.Өлгөн күнү бодо мал 30 миң сом
2.Молдо акысына деп 500 дөн 1000 сомго чейин
3.Өлгөн күндөн элүү эки күнгө чейин, эки кой 14 миң
4.Эки үч айттыка деп үч кой 20 миң сом
5.Эстелик жасатуу 5 миң ден 50 миңге чейин
6.Нан, кант, өлүмтүк ушул сыяктууларга 30 миң
Демек бир адамды акыркы сапарга узатууга 100 миң ашыгы акча сарп кылынат экен.
«Жашоо оор, курсак ач, ишсиз көп» – деп арызданган гана адам.
Облустук бийликтегилер массалык маалымат каражаттарынан байма-бай ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө жыйын кылышат, а чынында жыйынтык жок.
Ушул кыргызчылыкпы, ушул мусулманчылыкбы, же жетинбеген демократиябы?
Бир атактуу адам баласына «балам сен элди ээрчип жашаба, эл сени ээрчисин » – деген экен. Бул кыргызча айтканда башыңды жөн көтөрүп жүрбөй, иштет дегени эмеспи…
Сөз акырында айтылчу сөз илимдүү молдокелер шарыят буйругандай иш кылса, ал эми жергиликтүү бийликтегилер жана эл депутаттары ысырапкорчулуктун алдын алаар бекен деген гана үмүт.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы
биз кыргыздар ушунан эмнем кем деп бул нерсе жоголбойт бул койгойго эл арекет жасаш керек ар бир айылокмотуно кайрылып ушул суроону талкуулап коруш керек менин ойумча