Кадамжай районунун Майдан айылынында Шамбесай алтын кенинин иштетилишине каршы чогулгандар тарап кетишти.
Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Гүлбара Нурматова билдирди.
Бүгүн, 19-мартта Шамбесай кенинин тегерегиндеги талаш боюнча бийлик өкүлдөрү келери айтылган. Чогулгандар менен район акими Акрам Мадумаров жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын өкүлдөрү жолуккан.
Митинге чыккандардын саны 5 миңдей экенин жергиликтүү тургундар кабарлаган. Майдан айылынын аймактык тескөөчүсү Султан Исманкулов 3 жарым миңдей адам чогулганын айтат. Тартип бузуулар катталган эмес.
Эскерте кетсек, “Z-Эксплорер” компаниясы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке кендеги ишти токтотуп туруу өтүнүчүн келтирген болчу.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы