Күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү башталды.
24-сентябрь күнү Кадамжайдын Масалиев айыл округунун “Кара-Дөбө үрөн” айыл чарба кооперативинин талаасында күздүк буудай уругу себилди. Алгач кылкандуу дан эгиндерин себүү жөнүндө окуу болуп, район акими Акрам Мадумаров, тийиштүү адистер катышышты.
Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов айыл чарба тууралуу кеңири маалымат берип, күздүк себүүлөр тууралуу айтып берди. Райондо күздүк кылкандуу дан эгиндери 4 миң 300 гектарга себилет.
Эскерте кетсек, Чет элдик уюмдардын жардамы менен Кадамжай районуна 220 миң долларлык айыл чарба техникалары алынып келинген.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы
Kyzyk Kadamzhaydyn gezitin ardayim okup turabyz internetten anan tuulgan jer jonundo kandai janylyk ekenin bilesbiz rahmat silerge. Owol kuzgu buudai egiliptir marketolog tarabynan kvota berildibi je bir bir maalymat berdibi uwuncha eksener kiyinki jylga uwundai bolot bazardagy baa dep karapayim kalkty kiynabai, owol jabduular 220 $ keldi deisizder alardy aty kagaz turundobubu je chyndap ele el iwtetip jataby andai bolso nege gazetanyn betinde jok surottoru?