БИЛИМ, ИЛИМ

Миң-Чынардагы мектеп пайдаланууга берилди

МИҢ-ЧЫНАРДАГЫ - Мектеп ачылды
Эски жыл дагы бир кубанычтуу эсте каларлык ачылуу аземи менен башкача айтканда Миң-Чынар айылындагы башталгыч мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгендиги менен эсте калды. Жакында болуп өткөн бул мектептин ачылуу аземине КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары К.Б.Орозова, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Ж.М.Исаков, райондун прокурору М.Жапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев, АРИСтин Баткен областы боюнча координатору К.Орозбаев, Кадамжай ШСУнун башчысы С.Ибрагимовдор катышты. Мектептин курулушу кыска мөөнөттүн ичинде тез бүтүрүлгөндүгүнө Актурпак айыл округу башчысы Алчынбай Төралиев тийиштүү жетекчилерге ыраазылык билдирди. Себеби, бул 100 орундуу башталгыч мектептин курулушу АРИС тарабынан каржыланды. Тендерде утуп алган «Кадамжай ШСУ» ишканасы Германиянын технологиясындагы мектепти куруп, калктын муктаждыгын эске алуу менен кыска мөөнөттө сапаттуу бүтүрүүгө жетишти. Жалпысынан мектепти толук бүтүрүү үчүн 15 млн сом акча каражаты сарпталган. Анын ичиндеги эмеректерин сатып алып берүүдө айыл округу жана райондук мамлекеттик администрация чоң кол кабыш кылышкан.

Атайын кабарчыбыздан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы