МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Кадамжайлык окумуштуулар

Окумуштуу - Бегалиев Улугбек Турдалиевич
Бегалиев Улугбек Турдалиевич

1974-жылдын 2-июнунда азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1991-жылы Бабажан Айтматов (мурдагы Ломоносов) атындагы орто мектебин бүтүрүп, Н.Исанов атындагы курулуш, архитектура жана транспорт институнан билимин уланткан.
1996-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, куруучу-инженер адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы И.Раззаков атындагы К.Т.Унун аспирантурасына кабыл алынып, Сейсмо туруктуу курулуш илим изилдөө жана долбоорлоо институнда илимий кызматкер, бөлүм башчы кызматтарында иштеген. Жаш окумуштуу институтта иштеп жүргөн жылдарда, бир топ илимий макалаларды жазып, өзүнүн илимге болгон чыгармачылык кызыгуусун көрсөтө алган.
2005-жылы У.Бегалиевдин илимий эмгеги окумуштуулар тарабынан жогору бааланып, техника илимдеринин кандидаты наамы ыйгарылган. Андан сырткары Россия өкмөтүнүн алдындагы Эл чарба академиясын ийгиликтүү аяктайт.
2006-жылы Бишкектеги Инновациялык Технологиялык Академиясынын Президенти.
2008-жылдан бери Эл Аралык Инновациялык Технологиялык Университетинин ректору болуп иштеп келе жатат.
Улугбек Бегалиев жаштыгына карабай сесмологиялык курулуш тармагына жана жаш кадрларга билим берүүдө үлкөн салымын кошуп келет. Тактап айтканда, 50дөн ашык илимий макалалардын, долбоорлордун жана курулуш багытында жазылган китептердин автору. Ошондой эле Япония, Италия, Канада, Армения, Казакстан, АКШ, Турция, Германия мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык илимий конференциялардын катышуучусу.
АКШдагы сейсмоизоляция жана сейсмокоргоо инженерлеринин ассосациясынын жана Канада өлкөсүндө уюштурулган курулуш боюнча дүйнөлүк энциклопедиялык редакциянын мүчөсү. Илимдеги талыкпас эмгегинин натыйжасында, Кыргыз республикасынын президенттик стипендиясынын ээси болууга жетишкен. КРнын мамлекеттик архитектура жана курулуш инспекциясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.
Улугбек Турдалиевичтин жеке демилгеси менен өзү жетектеген Университеттин колледжи, районубуздун борборунда жайгашкан Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине ачылган. Бүгүнкү күндө колледждин окуу базасы жаңы үлгүдөгү орг.техникалар жана окуу китептери менен камсыз болуп, 9-классты бүтүргөн 26 студент билим алып жатышат.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы