КЫРСЫК

Өрттөн жабыркап

Кызыл-Кыя шаарындагы И. Жусубалиев көчөсүндөгү № 74 «а» имаратындагы «Рема» коомдук фондундагы үйү жок адамдар жашоочу короодо жайгашкан дүкөнү өрттөнүп кетип, Белова Людимила Даниловна 65-70 пайыздык күйүк менен жабыркаган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ЗИЛ-130 автоунаасы чыгып, дүкөндү өчүргөн менен, имарат жараксыз абалга жеткен. Өрттүн чыгуу себептерин аныктаганда, электр энергиясынан болгондугун далилдешкен. Ал жерден колдо жасалган 3 даана электр жылытуучу, андан сырткары жез, алюмин зымдары табылган.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы