Эмчек рагынын пайда болушунда денедеги гормондордун тең салмактуулугунун бузулушунан пайда болгон узакка созулган сүт безинин ооруулары шарт түзөт, же алардын бир кыйласы рак шишигине айланат. Мындай гармондорду тең салмактуулугу көбүнчө аялдардын жыныс органдарынын узакка созулган оорууларынан кийин, тез-тез боюнан алдыруулар, төрөбөгөн же төрөөдө балдарын эмизбеген, балдарды эрте эмчектен чыгарган аялдардын арасында көбүрөөк кездешет. Жогоруда аталган денеге жагымсыз шарттардын натыйжасында баарынан мурда аялдардын жыныс гармондорунун продукциялары нормадан ашыкча көбөйүп кетет да, ошонун таасири менен эмчектин туура иштеши бузулуп, мастопатия же фиброаденоматоз деген өнөкөттүү ооруулар пайда болот. Бул ооруларды пайда кылган себептери өз убагында дарылоо же жагымсыз шарттарды четтетсе мастопатия да эле айыгып кетет.
Фиброаденоматоз же мастопатия пайда болгондо эмчектин безинин ткандары шишимек тартып чоңоёт. Бара-бара катуулана баштайт. Көпчүлүк убактарда оору билинбей башталат, аялдардын көп тынчын албайт да, өз алдынча көп жылдар бою акырындык менен өнүгө берет. Бир кыйла аялдардын этек кири келер алдында эмчектери бир аз чыналат, ал эми ал мезгил өтүп кеткенден кийин эмчек кайра өз калыбына келет. Буга көпчүлүк аялдар “көнүмүш кубулуш”-деп анча маани бербей жүрө беришет, ал эми оору болсо, акырындык менен өөрчүй берет. Эмчектин үрпүнөн кээде суюктук бөлүнүп чыгат, анын түсү тунук, уузга окшош саргыч жашыл жана кызыл кандай болот. Эмчектин узакка созулган тез-тез кайталанып туруучу өнөкөт сезгенүүсү (мастит) да рак шишигин пайда болушуна ыңгайлуу шарт түзөт, же ага айланып кетет. Мында эмчекте ар кандай бузулуулар болот, анан сүт бездери катууланат, алардын сүт иштеп чыгаруучу майда бездердин саны азаят, демек булар болсо шишиктин пайда болушуна көмөк болушат. Кээ бир убактарда кокусунан катуу нерсеге урунуп алуудан да эмчекте катуулануу пайда болушу мүмкүн. Ошентип ал да бир топ убакыттан кийин билинбей барып, рак шишигине айланып кетиши ыктымал. Эмчектин рак оорусуна айлануучу жогоруда аталган жагымсыз себептерди же шарттарды өз убагында четтетүү зарыл. Ошондой эле ар бир аял 1-2 жолу өзүнүн эмчегин өзү текшерип туруусу сунуш кылынат. Эгерде эмчекте кенедей эле ооруган же өзгөрүшкө күмөн болсо дароо врачка кайрылуу зарыл.
«Эл жарчысы»