Кадамжай районунда 2013-жылдын 8 ай аралыгында кургак учук илдетине 70 адам чалдыккан. Бул тууралуу райондук санитардыкэпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Келдибек Токтосунов билдирди.
Кыргыз Республикасынын «Калкты кургак учуктан сактоо» жөнүндөгү мыйзамына ылайык КРнын Өкмөтүнүн «2013-2016-жылдарга кургак учук-4» программасын бекитүү жөнүндө токтом иштелип чыккан. Кадамжай райондук администрациясы башчысы, акимдин буйругу чыгып, Кургак учук боюнча ведомстволор аралык райондук курамы түзүлгөн. Комиссия алгачкы отурумун өткөрүп, жугуштуу оорунун алдын алуу жагы каралып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Кадамжай райондук администрациянын маалыматы боюнча, район аймагында жалпы 607 адам кургак учук менен ооруйт.
Белгилей кетсек – кургак учук жугуштуу, коркунучтуу дарт.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы