МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Шейиттер эстен чыккан жок

7-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Жеңиш аянттында, аза митинги болуп өттү. Анда шаардын мэри Абиш Халмурзаев, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков мырзалар эскерүү сөздөрүн сүйлөштү.
Салтанатта Ошол кандуу кагылышта катышкан шаардыктарга жана Кадамжай райондунан келген баатырларга мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Эл баатырларынын атынан Кызыл-Кыя шаардык социалдык фонд башкармасынын жетекчиси Рахматулла Мурзаев сүйлөп ыраазычылык билдирди.
Шаардын имам катиби куран окуп, шейиттерге бата тиленди.
Күндүн экинчи жарымында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата марафон уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы