КЫЛМЫШ

АЙБИЙКЕНИ ТАПКАН АКСАКАЛ (фото)

el_kdm_0012012-жылдын 6-октябрында Кызыл-Кыя шаарынын “Айбек” базарында 11 айлык  Айбийке жоголгон. Арадан 9 ай өткөндөн кийин, тагыраак айтканда үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда табылды. Айбийкенин табылышына чоң салымын кошкон Халмион айылынын тургуну, 60 жаштагы милициянын ардагери Аманбаев Аскар аксакал менен жолугушуп, 4 ай бою уурдаган адамдын артынан тыңчылык кылып, кантип таап бергенин өз кулагыбыз менен уктук.

Аскар аксакал Союз убагында 20 жыл милицияда иштеген. Пенцияга чыгып, азыркы учурда эл аралап таапчылык (элдик ыкма менен даарылоо) кылат. Айбийкенин жоголгондугу тууралуу сыналгыдан көрүп жүргөн аксакал, табылып калышына себепчи болушу ойуна да келген эмес.

“Март айынын баштарында Ош-Кызыл-Кыя каттамындагы маршруткада келе жатканмын”-деп сөз баштады Аскар аксакал. Жанымда чогуу келе жаткан эки аял шыбырашып бир нерселерди сүйлөп келе жатышты.

Аманбаев Аскар аксакал
Аманбаев Аскар аксакал

Кулак салсам “Айбийкени ата-энеси издешпей калышты. Ата-энесине билдирбейлиби?-десе, экинчи аял, “кой антпе, милиция суракка алып тажатат. Анын ордуна сени камап коюшу мүмкүн”-дешип көп сөздөрдү сүйлөшүп келе жатышты. Маршрутка Кызыл-Кыянын Караван айылына келгенде аялдардын бири түштү. Мен да артынан түшүп, адрес сурамыш болуп, ал аялга таап экенимди айттым. Ал дароо эле оорусун көрсөткүсү келди. Телефонумду берип, мен кайра Кадамжайга үйүмө кете бердим. 20 күндөн кийин жанагы аял мага телефон кылып оорусун дарылоонун жолдорун сурады. Мен сени даарылайм деп үйүнө барып, ага дары кылып жүрдүм. Бир нече күн өткөндөн кийин, сыр бербестен Айбийке тууралуу сурасам “бул тууралуу айта албайм. Милицияга катташты каалабайм”-деп көнбөй койду. Атын чыгарбоого сөз берип, Ноокат районунун Төөлөс айылдык округунун Жавылга айылындагы Айбийке турган даректи алдым. Айбийкенин туугандарынын телефонун таап, кызыңар табылды. Эч кимге айтпай мен менен жүргүлө десем. Жумагүл деген (Айбийкенин таенесинин сиңдиси) “табылды деп алдагандардын бирисиң”-деп маани бербей койду. Анан Айбийкенин таенесине жолугуп, түшүндүрүп ошол үйгө аларман катары бардык. (көөла деген өсүмдүк алабыз деп). Дарбазасынан киргизбей бул өсүмдүк анда жок экенин айтып, бир келин кирип кетти. Биз коңшуларына барып, ошол өсүмдүктү сурамыш болуп, шектүү үйдүн жашоочулары тууралуу сурадык.  Таенесинен Айбийкенин сүрөтүн кошуналарына көрсөтсөк ушул кызы дешти. Ошол жерде дароо өзүм жашаган Кадамжай районунун Халмион айылынын тескөөчүсү, милициянын капитаны  Нурбек Полотовго телефон кылып, жоголгон Айбийке табылганын, Оперативдик топ менен келгиле дедим. Милициялар келгенден кийин чогуу ошол үйгө кирдик, Айбийкенин таенеси Гүлдар “Айбийке!”-деп кыйкырганда  Айбийке таенесине карап умтулуп, колуна алганда кучактап, таенесинин кучагынан түшпөй койду. Баарыбыз ыйладык-дейт Айбийкени тапкан Аскар аксакал.

Бирок, Аскар аксакал, ММКларда Айбийкенинин табылганын жарыяланганын, тапкан өзү жөнүндө  сөз болбогонуна нааразыдай туюлду. Ал чындык айтылышы керек деп эсептейт.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы