Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрь күнү Баткен райондук соту тарабынан адвокат Маматкадыр Абдыгапаров (Халил) 2 жылга күчөтүлгөн режимде жана адвокаттык укугунан, 3 жылга эркинен ажыратылды.
Маматкадыр Абдыгапаров КРнын КЖКнин 166-беренесинин (алдамчылык) 2-бөлүмү 304-305-беренеси менен айыптуу деп табылды. (2006-жылдын 20-ноябрында Кадамжай Керек-жарак коомунун имаратын мыйзамсыз түрдө басып алган деген айып тагылды).
Ал эми 13-ноябрда Маматкадыр Абдыгапаровго 125-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишин Кадамжай райондук соту тарабынан каралат.
Эскерте кетсек, Маматкадыр Абдыгапаров 15-ноябрь күнү Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынган.
Маматкадыр Абдыгапаров менен кошо кылмышка шектелген Надирова Жибек менен Айсатова Кырдар 2 айга үй камагына алынган.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы