МАЙРАМДАР

Аялдардын аракетти

Кызыл-Кыя шаардык Ак-Булак айылындагы ден соолук комитети быйылкы жылы өзгөчө күч-кубат менен эмгектенишип келишүүдө. Бул уюмдун түзүлүшүнө «Жарым Ай» коому салым кошуп, учурда бир канча улуттан турган курам менен жалпы журтчулуктун алкоосуна ээ болушууда. Алардын катарында топ башчылар Базаргүл Матмусаева менен Айлар Орунбаева болсо, мүчөлөрү Таван Абдыганиева, Бактыгүл Татар оглы, Тамара Джалашова, Нигор Шайнидзелерди атоого болот.
Булар ар бир үйгө кирип, жаш өспүрүмдөрдүн ден соолуктарына көз салуу менен «Жарым Ай» коому тарабынан берилген ар кандай дары-дармектерди таркатышып, кан басымдарын текшерип, керек кезде өз жардамдарын берип келишет.
Быйылкы жылдын жыл башында жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна камкордук көрсөтүү боюнча проект жазышып, Эл аралык уюмдан 20000 миң утуп алышкан эле. Алар жакында бөлүнгөн акчаны алышып, учурда мектеп окуучуларына спорттук жабдууларды сатып берүү алдында турушат.
Нооруз майрамынын урматтына жаш жеткинчектерди кубандыруу алардын башкы максаты болуп калууда.

Кундуз Матмусаева, Караван айылдык аялдар кеңешинин төрайымы.
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы