КООМ

Аялдардын атайын бөлмөлөрү ачылат

ayal_mechit
Кадамжай райондук «Ал-имам ал бухарий» мечитинде Баткен облусунун казысы Ниязаалы ажы Арапов жана райондук администрациясынын башчысы-аким А.Акимов, райондун казысы Мухудин ажы Алматов жана айыл имамдарынын жолугушуусу болду.
Жыйында облустун казысы Н.Арапов адеп-ахлак маселесине токтолуп, мечиттерде аялдарды окутуу үчүн атайын бөлмөлөрдү ачууну билдирди. Анткени аялдардан башка динге өтүп жаткандар көп экенин айтты. Андан тышкары айыл имамдарынын билимин өркүндөтүү максатында, окуу иштерин жүргүзө турганын, ажыга баруу маселесине да токтолду. Андан кийин райондун акими А.Акимов тойлордогу ысырапкерчиликке токтолуп, калктын жүрөгүн түшүргөн Экобанкка байланыштуу адам өлтүрүү, чек арадагы атышуу окуяларын айтып, элди ыймандуулукка, кечиримдүүлүккө, тартипке чакырууда, дин кызматкерлеринин ролу чон экенин айтты.
Район жетекчилиги менен айыл имамдары, элдин арасында тынчтыкты сактоодо, тыгыз байланышта болушун баса белгиледи.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы