МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Жердеш журналисттин жетишкендиги

мадина жапарова
Акыркы мезгилдерде жаштардын басымдуу бөлүгү Россияга карай агылууда. Мындан 5-6 жыл мурда кыргыз эмгек мигранттары жалаң «кара» жумуш менен иштеп келишсе, бүгүнкү күндө 480 миң ашуун атуулдарыбыз орус жарандыгын алып, жеке бизнестерин ачышкан. Тактап айтканда Москва шаарында кырктан ашык кафе ресторандар жана кыргыз басылмалары пайда болду.
Кыргыз журналисткасына жаңыдан из калтырып келаткан кадамжайлык кыз Мадина Жапарова 2011-жылдан тарта «Бирге» социалдык долбоорун түзүп, кыргызча,орусча басылган газетаны жетектеп келет. Учурда бул гезит 10 миң нуска менен чыгып, эмгек мигранттарыбызга бекер таратылат. Гезит менен гана чектелбестен www.birge.ru сайтынан «Мекенге салам аттуу» көрсөтүүлөрү ушул сайттан көрсөтүлөт.
Мадина Жапарова 1980-жылы 24-октябрда Кадамжай районунун Сырт айылында туулган. Ош МУнун журналистика факультетин 2006-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы мугалимдердин «Билим булагы» гезитинде кабарчы, редактордун орун басары болуп эмгектенген. Андан кийин бир канча күч түзүмдөрүндө басма сөз жаатында иштеп, 2008-жылы Ош шаарындагы «Интеллигент» окуу борборун негиздеген. Ошол эле жылы Москвадагы Останкино мектебинде 6 ай билим алган.
2010-жылы Россияда чыгып жаткан «Нур реклама» гезитинин чыгышына салымын кошуп, кабарчы, редактордун орун басары болгон.
Ал эми бүгүнкү күндө «Бирге» студиясын жетектеп келет. ЭЛТР менен келишим түзүлүп, жакынкы күндөрү эфирден чыгар алдында.
Мигранттардын көпчүлүгү жаштар болгондуктан, аларга туура багыт берүү максатында бир канча долбоорлор үстүнөн иштешүүдө. Комуз, чет тил курстары, спорттук оюндар уюштурулуп турат. Ошондой эле кыргыз эстрада жылдыздарын атайын чакыртышып, концерт жана жолугушуу уюштуруп турушат.
Мадина Жапарованын айтымында «Кандай гана иштерди аткарбайлы баары мекен үчүн, мекендештер үчүн, Кыргызстан үчүн. Бирге ийгиликтерге жетишели, бирге бололу деген максатыбыз буюрса Египетке, Түркияга, Италияга өкүлчүлүктөрүбүз ачылып, иштеп калат. Кто владеет информацией тот владеет миром дегендей маалыматтуу болсок деген гана максат» дейт.
Алыскы жердеги мекендештерибиздин башын бириктирип, эл үчүн кызмат кылып жаткан Мадина Жапарова сыяктуу кыргыз жаштары өлкөбүздүн келечеги.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы