САЯСАТ

Баткен облусундагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш токтом

Эки күндүк жабык эшик артында талкуулоонун жыйынтыгы боюнча 19-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Баткен облусунун Чарбак калктуу конушунун жанындагы мамлекеттик чек арадагы кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топтун маалыматы тууралуу токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында парламенттин кезексиз жыйынында кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтом долбооруна шилтеме жасоо менен маалыматтар жарыяланган.

Ушундан улам кабыл алынган Баткен облусунун Чарбак калктуу конушунун жанындагы мамлекеттик чек арадагы кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык топтун маалыматы тууралуу токтом долбооруна депутаттар тарабынан түшкөн сунуштар менен кошумчалар киргизилип жататз. Токтом долбоорунун акыркы варианты кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасы кол койгондон кийин таркатылат.

Ошону менен бирге, Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна ылайык, өкмөткө төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

Мамлекеттик чек ара маселесин чечүү КМШ жана Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда кол коюлган эл аралык макулдашууларга (14.03.1991-жылдагы «Советтик Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө» келишими, 21.12.1991-жылдагы Алматы декларациясы, 14.02.1992-жылдагы «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында кызматташуу принциптерин сактоо жөнүндө» декларация, 15.04.1994-жылдагы «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин чек араларынын аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин, суверенитетин сактоо жөнүндө» декларация, 24.12.1996-жылдагы «Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө» келишим) ылайык, бекем ишке ашыруу;

Жергиликтүү тургундарды комиссия ишине тартуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр ортосундагы комиссиянын ишин жандандыруу;

«Айгүл-Таш – Самат – Согмент – Чарбак – Таян — Кан», «Таян – Сай – Айдаркен», «Бел-Сөгөттү – Бөжөй — Өтүкчү», «Көк-Таш – Капчыгай – Ак-Сай – Тамдык — Кишемиш», «Көк-Талаа – Пүлгөн», «Кулунду – Максат» участкаларындагы көз карандысыз жол түйүндөрүнүн курулушун жыйынтыктоо боюнча ишти тездетүү жана бир булактан каржы каражатын бөлүү;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өкмөт аныктаган чек ара аймактарында «Айдоо жерлерин башка категориядагы жерлерге жана жайыттарга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы тууралуу маалымат берүү;

Кыргызстан Өзбек Республикасы жана Тажик Республикасы менен чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш аягына чыкканга чейин мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүн чет элдик жарандардын мыйзамсыз жайгашышына жана кыргыз жерлери менен мүлктөрүн башка өлкөлөрдүн жарандарынын пайдасына берүүгө каршы аракеттенүү боюнча координацияланган максатталган иштерди алып барууга милдеттендирүү;

– Жалал-Абал, Ош, Баткен облустары боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чек ара кызматынын, ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук жана прокуратура органдарынын аймактык бөлүктөрү менен бирге мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби менен эрежесин сактоо, коогалаң кырдаалдын алдын алуу маселелери боюнча жергиликтүү калк менен иш алпаруу, ошондой эле жарандардын башка өлкөлөрдүн жарандарына жер участокторун жана турак жайларын мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу, ижарага берүү, өздөштүрүү фактыларын табуу жана аларды документтештирүү боюнча иш жүргүзүү;

– Министр – чек араны делимитациялоо маселеси боюнча өкмөттүн атайын өкүлү макамын берүү менен, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жетекчисинин макамын жогорулатуу маселесин кароо;

– Борбордук Азиядагы мамлекеттик башкарууга көмөк көрсөтүү боюнча программалардын иштөөсүнө мониторинг жүргүзүү;

– Бул токтомдо белгиленген баардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн каржы каражатын издеп табуу жана «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароого киргизүү.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш токтомунун толук тексти ага ЖК төрагасы тарабынан кол коюлгандан кийин таркатылат.

Баракелде сайты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы