САЯСАТ

Лейлектин Арка-1 айылынын тушуна тажик тарап чек ара бекетин коюуга аракет кылган

Лейлектин Арка-1 айылынын тушуна тажик тараптын чек ара кезметин коюуга аракети ишке ашкан жок.

“УКМКнын Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 7-майга саат 22.30 кыргыз- тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдайт.

Кечээ, мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюууга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат аткарган”.

Андан тышкары УКМК интернетте кулпунайды контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө деп тараган видео боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Кечээ, 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 кг кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикистандын чек арачылары тажик жаранын аракетине өздөрү бөгөт койгон.

Белгилей кетсек азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюуу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргызстандын чектешкен аймагындагы жараандык коомдор да көзөмөлгө алышууда”, – деп айтылат маалыматта.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы