ЖАҢЫЛЫКТАР

Тазалыкты сактоо жалпы коомчулуктун иши

el_kdm_001
Көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланып, ар ишемби күндөрү районубуздун аймагында «Ишембиликтер» кызуу колго алынды.
Айрыкча Кадамжай шаар статусуна ээ болгон жергебизде, районубуздун борборунун көчөлөрү, айлана-чөйрөсү таштандыларга толуп кеткени жашыруун эмес. Ошондуктан эрте жаздан ишке киришкен Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазылов биринчи кезекте тазалык иштерин колго алды. Бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн айланалары, ар бир көчөнүн жээктериндеги арыктар тазаланып, акыр-чикирлер төгүлүүчү жайлар иретке кетирилип жатат.
Шаар башчынын айтымында, мындан ары калаа тазалыгы катуу көзөмөлгө алынат. Анткени, таза жайда ден-соолук, тартип, ынтымык, ырыскы болоору талашсыз. Ошон үчүн “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, касиеттүү, куттуу жерибизди таштандылардан арылтуу, көрктөндүрүү жалпы коомчулуктун милдети.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы