МАЙРАМДАР

Шаар жаштарынын демилгеси

улак тартыш
Өткөн дем алыш күнү Кадамжай шаарында улуттук улак тартыш болуп өттү. Ага коңшу Өзбекстан республикасынан жана районубуз аймагынын улакчылар келишти.
Бул оюнга демилге көтөргөн жаштардын бири Бектур Термечиковдун айтымында Кадамжай шаарында 1988-жылы туулган жигиттер уюштурушкан. Жаңыдан шаар статусун алган Кадамжайдын элинин ынтымагы үчүн, жаштарыбыздын ден-соолугун чыңдоо максатында өткөрүлгөнүн белгилеп өттү. Баш байгеге мал жандыктар акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди.
Эскерте кетсек, улак тартыш оюну «Көк бөрү» аталышында өлкөбүздө жогорку деңгээлде өнүккөн.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы