МАЙРАМДАР

Кадамжайда акимдин балатысы өткөрүлдү (фото)

el_kdm_001Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинде Кадамжай районунун акиминин балаты майрамы өткөрүлдү. Жаңы жылдык балаты майрамына район акими Акрам Мадумаров катышты.
Бул тууралуу райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мыргал Ганыбаев билдирди.
Акимдин балатысына район аймагындагы алдыңкы окуучулар катышты.

Сүрөт автордуку
Сүрөт автордуку

                                                 Дагы сүрөттөр

Концерттик программа тартууланып, окуучулар район акимине кызыктырган суроолорун беришти. Майрамдык иш-чаранын соңунда балдарга белектер берилди.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев президенттин балатысына Кадамжайдан 5 окуучу барганын кошумчалады.
Кадамжай районунда кыргыз, орус, түрк, өзбек, тажик тилдүү мектептер болуп, жалпы 82 мектеп бар.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы