БИЛИМ, ИЛИМ

Кадамжайдан 4 окуучу тогуз коргоол боюнча республикалык мелдешке жолдомо алышты

Кадамжай районундагы Чандеки айылындагы Халмурат Жаныбеков орто мектебинен 4 мектеп окуучусу Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча Талас облусунда өтүүчү Республикалык мелдешке жолдомо алышты.

Бул тууралуу аталган мектептин дене тарбия мугалими Нуридин Темиров билдирди.
Анын айтымында, Таалайбек уулу Расул, Алимжан уулу Эмил, Азимбаев Умутбек, Талантбек уулу Бактыяр облусттук мелдештен 1-орунду ээлешкен.
3-8-майда Талас облусунда республикалык мелдеш болот.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы