КООПСУЗДУК

Кадамжайда мыйзамсыз сакталган 7 ок атуучу курал аныкталды

2014-жылдын 3 ай ичинде Кадамжай РИИБҮ тарабынан 4 жолу «Арсенал» операциясы өткөрүлгөн. Операциянын жүрүшүндө 7 мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган фактысы аныкталып, ок даарыларды сактаган жаранга кылмыш иши козголгон.
Кадамжай РИИБнүн уруксат берүү системасынын ага инспектору Камардинов Абдуталибтин билдиришинче, атайын каттоодо турган ок атуучу куралы бар 181 жаран текшерилген, 24 жаранга уруксат мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталып, айып салынып өндүрүлгөн.
19 жаран ок атуучу куралдарын мыйзамдаштырып берүүнү суранып, өз ыктыяры менен тапшырышкан.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы