Ырчы, актриса Асема Токтобекова денесине татуировака тарттыргысы келгенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.
“Денеге титуировка тарттыргым келет. Он жылдан берки кыял, түгөйүмдүн каршылыгы болбосо, араң турам. Бирок айытыңыздарчы, илгерки адамдардын колунда. бетинде чектирилген татуларды эмне дейбиз? Демек, болот эле да”, -деген пост жазып элге суроо салды.
Асеманын катталуучуларынын дээрлик баардыгы бир сөздөн “күнөө болот” деген пикирлерин жазып калтырышса айрымдар ырчыны бул каалоосу үчүн катуу сынга алышууда.
Барометр.kg