Кадамжай шаарында Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбековдун музейинде 18-май музей күнүнө карата иш чара өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, мектеп окуучулары концерттик программа тартуулашты. Келген коноктор музей менен таанышып чыгышып, окуучуларга белектер тапшырылды.
Эскерте кетсек, Абдыкадыр Орозбековдун 100 жылдыгынын урматына 1989-жылы музей уюшулган. Музейде 535 экспонат бар. Ал эми өлкө аймагында 36 мамлекеттик музей бар.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы