Өткөн тарыхка кайрылсак ар бир коомдун өнүгүүсүнө жараша идеологиясы болгон. Мисалы алгачкы коом, кул элөөчүлүк, феодалдык, буржазия капиталисттик, социалисттик. Окурмандарга түшүнүктүү болуу үчүн капиталисттик жана социалисттик коомдун идеологиялык максаттарына кыскача түшүндүрмө берип токтолсок. 1917-жылы 7-ноябрда Россия мамлекетинде Октябрь револициясы жеңгенден кийин социалисттик мамлекеттин пайдубалы түзүлүп, 1922-жылы РСФСР, 1936-жылы СССР аталып, андан соң социалисттик өлкөлөр дүйнөдө пайда боло баштаган. Социалисттик багыт менен өнүгүүгө жол алган өлкөлөргө капиталисттик өлкөлөр каршы чыгышкан. Себеби, кандай өлкө болбосун алардын негизги саясый максаты дүйнөнү башкаруу болгон. Ошол себептен ал өлкөлөрдүн ортосунда ар качан атаандаштык өнүгүү жана бир-бирине карама-каршы келген идеалык багыттар менен бирге согуштар да жүрүп келгендиги тарыхта белгилүү. Мисалга алсак, 1941-1945-жылдардагы СССР учурунда Германия менен болгон Улуу Ата Мекендик согуш. Көпчүлүккө маалым болгондой негизинен капиталисттик өлкөлөрдүн башында АКШ, социалисттик өлкөлөрдө болсо СССР турган. Ошол СССР учурунда коммунусттик партиялык идеологиянын негизинде, диктатордук башкаруу системасы орнотулган. Андагы саясый бийликтин түпкү максаты элдин социалдык абалын жакшыртып, изденип, илим билимдин негизинде ийгиликтерге жетишип, мамлекет жетишээрлик деңгээлге жетип байыган соң, ал өлкөдө жашаган эл акысыз жашоо турмушка керектүү нерселерди пайдаланат деген саясат жүргүзүлгөн.
Капиталисттик өлкөлөрдө болсо, жеке менчик аркылуу капитал жыйноо менен бирге өнүгүп, өз өлкөсүн байытып, кийинчерээк капиталисттер монополиялык топторго биригип, дүйнө жүзүн башкарып, бардык кен байлыктарга ээ чыккысы келген. Эми эки багыттагы өлкөнүн оң жана терс жактарына кыскача токтолсок. Ошол учурда социалисттик өлкөнүн артыкчылыгы эмнеде эле? Аларды атасак, элдин социалдык абалын жакшыртуу, акысыз билим берүү менен бирге медициналык тейлөө, жалпы улуттук биримдик, теңдик, ынтымак ж.б.у.с. нерселер. Анын терс жагы болсо командалык ыкма, сөз эркиндиги, динге кысым, жана улуттун эркиндиктери кайсы бир деңгээлде чектелген. Ошондой эле жеке менчик ишканаларга тыюу салынган ж.б.у.с.
Капиталисттик коомдун артыкчылыгы эмнеде?
Өнүгүү багытында жеке менчик илим-билим жана базар нарк мамилесинде өнүгүп, өз мамлекетин чыңдоо, сөз эркиндиги, укуктук теңдик ж.б.у.с
Анын терс жактарына токтолсок, өнүкпөй калган мамлекеттердин эсебинен байып жашоону улантып,дүйнөнү башкарууга умтулууда.
Капиталисттик өлкөгө өнүгүү багытында атандашып келген СССРдин ыдырагандыгынына эмне себеп болду?
Анын негизги себептерин атасак, биринчиден өнүкпөй калган мамлекеттерди социалисттик мамлекетке айлантуу максатында материалдык чыгымдарды көп жумшагандыктан улам экономикасы төмөндөп кеткен. Ошондой эле курал жаракка да эбегейсиз чыгымдарды көп жумшашкан. Экинчиден, АКШ мамалекети баш болуп өзүнүн союздаштары менен биригип, СССРге каршы ар кандай саясый идеологилык иштерди жүргүзүшкөн. Үчүнчүдөн, дүйнө мамлекеттеринде кандай коом болбосун, коом өнүккөн сайын адамдардын аң сезими кошо өнүгүп, улуттар арасында эле эмес, адам затынын дүйнөгө болгон эркиндик сезими жогорлугандан улам, социалисттик эле эмес, капиталисттик өлкөлөрдүн да негизги саясый максаты толук кандуу ишке ашпай калган.
Жогоруда аталган мамлекеттердин дүйнөнү башкаруу идеасы иш жүзүндө ашпаса да азыркы өнүккөн мамлекеттердин дүйнөнү башкаруу максаты 21-кылымда да уланууда. Ошентип дүйнөлүк коомдун өнүгүүсүнө жараша 70 жыл СССРдин курамында мамлекет катары саналган кыргыз эли эгемендүүлүккө 1991-жыл 31-августта жетишти. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери кандай ийгиликтерге жетишип, эмнеге жетишпеди?
Анын жетишкендигин атасак, мамлекетибиз өзүн түптөп герб,гимн, желек, аймак, акча жана өз аскерин түздү. Кыргыз элине кызмат кылып, көзү өткөн баатыр акын жазуучуларыбызды эскерип, той мааркелерди өткөрүштү. Жазуучуларыбыз болсо, кыргыздын санжыраларын жазуу менен гана чектелишти. Эгемендүү өлкөбүздүн жетишпегендигине токтолсок, Үзөнгү кууш Кытайга, Каркыра Казакстангага, кен байлыктарыбызды болсо чет өлкөлүктөр ээлеп, экономикалык жактан өнүгүү токтоп, жумушсуздук күчөдү. Анын натыйжасында революцилык жол менен эки жолу бийлик алмашты. Өз учурунда бийлик мамлекетик идеологияны окумуштуулар жана коомчулук менен бирге иштеп чыкпагандыктан командалык ыкма менен башкарууга көнгөн кыргыз бийлиги чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн идеологиясын аткарып келди. А.Акаев бийлигинин тушунда Манастын жети осуяты деген идеологияны элге таңуулады. Бирок ал элге сиңген жок. К. Бакиевдин бийлигинин тушунда болсо, А. Мадумаров, С. Раевдер менен бирге көрүнүктүү окумуштуулар биригип, учурдун талабына ылайык идеологияны жазыша алган жок. Коомубузда болсо идеология боюнча ар ким ар башкача түшүнүп, айтыш, Манас айтуу кыргыздын каада-салты жөнүндө ар кандай ойлор айтылып, чектелүү бойдон калууда. Азыркы элдик курултайдын жетекчиси деп аталган К.Кошалиедин идеологиясына токтолсок, өнүгүүнүн кыргыз жолу деген кичинекей багыттама жазышкан. Ал идеология улуттун уруучулугун тегерегиндеги деңгээлде эле жазылган.
Алардын түшүнүгү боюнча өткөн тарыхта төрт эле идеология бар экен. Абсалюттук эркиндик идеологиясы (анархизм) абсалюттук бийлик идеологиясы (фащизм,коммунизм). Абсалюттук атандаштык (социал, дарвинизм). Абсалюттук жүйө идеологиясы (Социал демократия).
Иделогия боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Н. Нарматова жетектеген КР нын улуттук концепсиясы даярдалып, 2011-жылдын 7-декабрында талкууга коюлган. Ал талкууда далилдүү сын пикирлерди, сунуштарды бергенмин. Андан кийин ал концепсия да жазылып аягына чыкпай калды. Андагы концепсияда улуттар аралык эле мамилеге басым жасалган болчу. Ал концепсия жарабаган соң ошол эле теманы КРнын Президенти А. Атамбаев улуттук аралык ынтымакты күчөтүү деген буйругу чыкты. Мында мамлекеттик бийлик эмне үчүн мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуудан баш тартат деген суроо туулбай койбойт. Ошол идеологияны жоктугунан мамлекет өнүгүү нугун таба албай келүүдө. Азыркы бийлик жетекчилери болсо коомчулукта идеология боюнча сөз болгондо элибизге тынчтык, биримдик керек деп оозеки айтып коюшат да өнүгүүгө багыт беришпейт. Бир орчундуу маселе коомчулукта талкуу болсо, теледен бир айтылып ошол бойдон калат. Айрым саясатчылар болсо идеология түшүнбөй туруп, идеологияны элге таңуулабаш керек. Элди коом тарбиялайт деген түшүнүктө. Акын жазуучуларыбыз болсо, идеологияны иштеп чыгуунун ордуна мамлекеттен алган сыйлыктары менен алардын келечекке болгон кызматы чектелүүдө. Чындыгын айтканда идеологияны карапайм эл эмес, интелегенттерибиз да түшүнүшбөйт. Анан да кыргыздын тегин мактап коюшат. Идеология боюнча тарыхка кайрылсак, таңуулоо жолу менен жүргүзүлгөн тоталитардык режимдеги терс багыттагы идеологиялар нечендеген империялардын башын жуткандыгы белгилүү. Ошол себептен, терс багыттагы идеологиялар эч качан түбөлүктүү болбойт. А мен сунуштаган идеология болсо,бардык тармактар боюнча өнүгүүгө багыт алган руханий тарбиялык маанилерде. Алар эч качан кыйрабайт. Тарых далилдеп көрсөткөндөй адамдык баалуулуктарды сактаган идеологиялар кайсы коом болбосун, өзүнүн сапатын жоготпой келүүдө. Коомубуздагы мамлекеттик идеологиянын жоктугунан кээ бир саясатчылар чет өлкөлөрдүн идеологиясынын жүрүшүнө шарт түзүп жатат.Ага карта чара көрүлө турган чыныгы эгемендүүлүктү сактаган идеология жок. КРнын Конституциясындагы экономикалык багыттагы келишимдер кыргыз элинин эгемендүүлүгүн кызыкчылыгын көздөбөстөн, бийлик менен чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгына ылайыкташтырылган. Учурда мамлекетибизде мамлекеттик сыр калган жок. Мамлекеттин жашыруун деген сырларын баарын кыргыз элинен мурда чет өлкөлүктөр жакшы билишет. Аскердик кадрлардан баштап, укук коргоо органдарын, депутаттарды, партиялардын мүчөлөрүнө чейин чет өлкөлүктөр окутуп келүүдө. Алар окуп кесипетик деңгээлин көтөргөнү жакшы. Бирок мамлекеттин келечеги эмне болот? Кен байлыктарыбыздын пайдасын элибиз эмес, чет элдиктер көрүп, келечекте эгемендигибиз билимсиз жоюлуп, глобализацияга сиңип кете турган идеология жүрүп жаткандыгын азыркы бийликтин сезе билбегендиги да аябай өкүнүчтүү. Мисалы, учурда Кытай-Кыргыз темир жолун куруу жөнүндө бийлик тараптан иш аракеттер жүрүп жатат. Анын канчалык зарылчылыгы бар? Ал жолду карызга акчаны алып курганча, ал акчага өз кен байлыктарыбызды күчүбүз менен иштетип же ГЭСтерди курууга жумшаса мамлекетибиз утмак. Ал темир жолдун курулуусуна Кытай мамлекети эле эмес, чет өлкөлөрдүн да кызыкчылыгы бар. Себеби Кыргыз мамлекети өз алдынча өнүкпөй элибиз уруу урууга, түндүк-түштүккө, диний агымдарга, партияларга бөлүнүп, ар кандай салыктардын эсебинен аргасыз жашап, алардын тилин маданиятын үйрөнүүгө багытталган чет элдик идеологиялар коомубузда өкүм сүрүп келүүдө. Учурда мамлекеттик идеология кабыл алынбай турган болсо, чет өлкөлөрдүн идеологиялык таасирлеринин негизинде эгемендүүлүгүбүз билимсиз жоюлуп, жакынкы элүү жылдын арасында кыргыз эли гимн,герб,туу жана аймагы менен формалдуу мамлекет болуп, элибизди чет өлкөлүктөр башкарып калышы толук ыктымал. Коомубуздагы кетирилген кемчиликтердин баары тең мамлекеттик идеологиянын жоктугунан кайталанууда. Бийлик жетекчилери биринин кемчилигин экинчиси кайталоодо. Ошондон улам эл арасында бийлик жетекчилерин «анын улуту кыргыз эмес, өзбек, татар, түрк, калмак» деген сөздөр айтылат. Эгерде идеология кабыл алынса андай сөздөр айтылбай бийлик жеке же партиялык кызыкчылык эмес жалпы коомду бириктирген мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүлмөк. Андыктан тез аранын ичинде мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылган идеология кабыл алынмайынча мамлекет өнүгүү багытында туңгуюктан чыга албашы талашсыз.
Абдинаби Назарбаев,
Юрист, акын. Баткен облусундагы Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты.
эн жакшы идея.