МАДАНИЯТ

Кылым карыткан мечит кароосуз калды

Тамаша айылындагы мечит_2
Кадамжай районунун Тамаша айылында бир кылымды карыткан чоң мечиттин дубалы урап жаткандыгын угуп, жеринен таанышып кайттым.
Чындыгында Тамаша айылына баруучу жол азап, асфальт аттуу нерсе көрүнбөйт. Таштан ташка урулуп автоунаалар араң барат. А табияты абдан кооз. 500 кожолуктан ашуун эл жашаган бул айылда 3 мечит, 1 намазкана бар. Тамаша айылынын борбордук мечити саналаган Орон-Терек Ак эшен мечитинин бүгүнкү күндө абалы оор. 1903-жылы курулган бул мечит, ошол кездеги диний жактан сабаттуу ак эшендер курган экен. Мечиттин ичине кирсең, колдо жасалган оймолор, тартылган гүлдөр, жыгач тактайлардын ар түрдүү түстө боёлгондугу күнү бүгүнгече турат. Бирок, мечиттин сол жактагы дубалы кулап түшкөн. Чатырларынан суу өткөн жерлери да бар. 110 жылдан бери адамдардын рухий жактан тазалануусуна себепчи болгон бул мечитке айыл тургундары акча чогултуп, оңдоткону жатышат. Жума намазына ушул жерге келип окуп жүргөндөрдүн айтымында, союз маалында атеисттик идеология жүрүп жаткан учурда да намаз окулган мечит, бүгүнкү күнү жума намазы гана окулат.

Тамаша айылындагы мечит_1
Тамаша айылындагы мечит_2

Тамаша айылынын мурдагы имамы Абдуллазиз Сарымсаков айтымында, Союз убагында бул мечиттин бузганга аракеттер болгон, 1992-жылдары чатырларын алмаштырып, бир сыйра капиталдык ремонттон өткөрүшкөн.
Алыскы айылдын, кылымдар жашаган, кол өнөр адамдарынын колунан кооз салынганын мечитти сактап калсак.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы