МАДАНИЯТ

“Урааным — Манас” сынагынын жыйынтыгы чыкты. Баш байгени Кадамжай алды

Иш-чарага жалпысынан 160 миң окуучу катышкан.
Жалпы республика боюнча өткөн “Урааным — Манас” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкканын иш-чараны демилгелеп өткөргөн “Манас” театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.
Долбоор 1-майда башталган. Эки жуманын ичинде ага өлкө боюнча 160 миң окуучу катышканы айтылды.
“Эки апта 44 район менен 32 шаарды кыдырып, окуучулардын чогулуп манас айтканына күбө болдук. Натыйжада баш байге Кадамжай районуна ыйгарылды. Биринчи орунду Бишкек шаарынын Ленин району алса, экинчини Ак-Суу, Тогуз-Торо райондору ээледи. Ал эми үчүнчү орун Ноокен, Алай, Нарын райондоруна ыйгарылды”, — деди Талантбеков.
Ал атайын сыйлык менен Лейлек, Сокулук райондору жана Талас шаары сыйланганын кошумчалады. Манасчы иш-чараны салтка айлантып жыл сайын өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 15-июнь күнү Тарых музейинде өтмөкчү.

Булак: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы