КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Жергиликтүү бийлик органдары Z- Explorer компаниясы менен жергиликтүү элдин ортосунда диалог орнотууга жардам берет

el_kdm_00110-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тарабынан өткөрүлгөн парламенттик отурумда Z-Explorer компаниясы Шамбесай кенинде долбоорлоо жана инженердик-геологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүнү уланта берет деген чечим кабыл алынды. Отурумда Майдан айыл аймагынын жергиликтүү органдарынын, Кадамжай районунун жана Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү да катышкан. Майдан айыл аймагына жергиликтүү бийлик органдарына жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына Z-Explorer компаниясына жергиликтүү коомчулук менен диалог орнотуп, учурдагы көйгөйлөрдү чечүү аракетине жардам берүү милдети жүктөлдү.

Z-Explorer компаниясы 2012-жылдын январь айынан бери Шамбесай алтын кени жайгашкан Майдан айыл аймагынын жергиликтүү жашоочулары менен натыйжалуу диалог орнотуу үчүн жигердүү иш-аракеттерди көрүп келет. Тагыраак айтканда, 2013-жылдын февраль айында Ош шаарында жана 2013-жылдын июнь айында Кадамжай шаарында Майдан айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Майдан айылдык кеңештин 20 депутатынын катышуусу жана Кадамжай районунун жана Баткен областынын мамлекеттик администрацияларынын жигердүү колдоосу менен консультациялык жолугушуулар болуп өттү.

Учурда, жергиликтүү жашоочуларга Шамбесай долбоорун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көрүлгөн иш-чараларды жакшыраак түшүнүүгө жардам берип, аларды кооптондурган суроолорго жооп берүү үчүн максаттуу топтор менен жолугушуулар өткөрүлүп, Майдан айыл аймагында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.  Мындан тышкары, Майдан айыл аймагына жакын жайгашкан төрт айыл аймагынын жергиликтүү бийлик органдарынын өтүнүчү менен, Компания түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аймагын кеңейткен. Ошентип, 21-ноябрдан 29-ноябрга чейинки аралыкта коомдук угуулар Чаувай, Марказ, Масалиев жана Үч-Коргон айыл аймагында, ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде өткөрүлгөн. Мында бардык беш жергиликтүү кеңештин депутат-тары Шамбесай долбоорун колдой тургандыгын бил-диришкен.

Z-Explorer компаниясы кенди иштетип баштай элек болсо да, бүгүнкү күнгө чейин жалпы жонунан 7.5 миллион сомду түзгөн бир катар социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырды.   Z-Explorer компаниясынын башкы мүдүрү Олег Гапоненко айткандай, Компания учурда жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган социалдык пакетти түзүүнүн үстүнөн иштөөдө. Анын айтымында: “Жергиликтүү эл менен үзүрлүү диалогду орнотуу менен, жергиликтүү жашоочулардын муктаждык-тарын мүмкүн болушунча мыкты деңгээлде канааттандырган социалдык пакетти түзө  алабыз”.

Асылбек Тажибаев, «Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы