Шаардык кеңештин 11-сентябрь күнү өтүүчү ачык сессиясына карата, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков баш болгон уюштуруу комитетинин 7 фракциядан турган мүчөсү, Исфайрамдан баштап Кызыл-Кыяга чейинки аралыктагы суу түтүкчөлөрүн көрүп, видео тасмага тартып келишти.
Ага «Сууканалдын» башкы инженери Д. Үсөнов да кошулуп жүрүп, суу тартыштыгынын негизги булактарын көргөздү. Кезектеги сессияда «Шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу» маселеси коюлуп, анын чечүү маселелери каралат. Депутаттардын сунушу колго алынса, жакынкы күндөрдө суу тартыш маселеси жокко чыгат деген ишеним бар. Бул туурасында кийинки сандарыбызда кеңири орун беребиз.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити