КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Кадамжайдын Кайтпас айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылында Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнүп, 275 орундуу мектеп курулган.

Учурда мектеп имаратынын ичи толугу менен бүткөрүлүп, сырткы жагында тосмолорду орнотуу иштери аткарылып жатат.

Жаңыдан бүткөрүлгөн мектеп ушул жылдын сентябрь айында окуучулар үчүн эшигин ачат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы