САЯСАТ

Тажикстан такталбаган аймакка кирип, бетон менен тосуп баштады

Кошуна Тажикстан кезектеги провокациясын баштады. Баткендеги Максат айылынын борбордук трассасына жакын аймакка бетон тосмолорду орнотууда. Фундамент куюп, бийиктиги 3 метр дубалдарды курушкан. Кошуна мамлекеттин мындай аракети 1 ай мурда башталган. Бул аралыкта Кыргызстан тарап бир-нече жолу эскертүү берип, такталбаган аймакка тосмо орнотуу иштерин токтотууну сунуштаган. Бирок алардан оң жооп болгон эмес, курулуш иши уланууда.

“Вечерний Бишкек”

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы