МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Эл Баатырына арналган турнир

el_kdm_001Кыргыз эл баатыры, милициянын полковниги маркум Акжол Камбаровдун элесине арналган  волейбол боюнча турнир болуп өттү.  Акжол Камбаровдун туулган айылы Тамашада жыл сайын район боюнча волейболчулар чакырылып, турнир болуп келет.

Бул жолку турнирге райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Айдар Асамидинов, Кадамжай шаардык Кеңешинин төрагасы Толкун Камбаров, РИИБнүн башчысынын орун басарлары, райондук бир канча жетекчилер жана туугандары эскерүү кечесине келишти. А.Камбаровдун элесине арналып Куран окулуп, санаалаштары маркум тууралуу жылуу сөздөрүн  айтышты.

Турнирге акчалай сыйлык коюлуп, жалпысынын 10 команда ат салышты.  Биринчи орунду Масалиев айыл округунун курама командасы, экинчи орун Кадамжай РИИБнүн, үчүнчү орунду Өзбекстандын “Кара-Жантак” командалары алышты.

Акжол Камбаров бир канча облустук ички иштер  башкармалыктарын жетектеген. 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон. А.Камбаровдун ысмы өзү окуган Тамаша мектебине берилген.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы