Баткен облусундагы Кадамжай сурма комбинатында убактылуу иш токтоду. Комбинат жетекчилиги иштин убактылуу токтошун сырьенун жоктугунан экендигин билдирген. Жумушчулар белгисиз мөөнөткө чейин ишке чыгышпайт.
Бул тууралуу аталган комбинаттын кызматкери Абдурашит Төлөбаев «Кабар ордого» билдирди.
Эскерте кетсек, Комбинаттын кызматкерлери 2 айдан бери айлык берилбегенине нааразы болушуп, 140 тонна сурманы барымтага алышкан. 17-декабрда 2 айлык маяналары толук берилген соң сурманы комбинат жетекчилигине өткөрүп беришкен.
Кадамжай сурма комбинатын Казакстандык инвесторлор иштетип келет.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы