ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Эгемендүүлүктөгү элге жасалган белек

el_kdm_001Эгемендүүлүк майрамынын урматына  Актурпак айыл аймагында жаңыдан курулган курулуштар ишке берилди.
Аталган аймактагы Өрүкзар айылында элди медициналык жактан тейлөөчү ГСВнын жаратылыш кырсыгынан жапа чеккенине бир топ убак болгон эле. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Ак турпак айыл округу, айылдык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл-журт баары биргеликте аракет жасашты. Биргелешкен бирдиктүү иштин натыйжасында жаңы имарат курулуп, эгемендүүлүк майрамындагы элге жасалган белек болуп калды.

ГСВнын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акимиинин биринчи орун басары Жаныбек Исаков, Актурпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиев жана башка бир топ тиешелүү жетекчилер катышты.

Жаңы курулган бул жайдын ичи жасалгаланып, медициналык жабдуулар менен жабдылып, айлана тегереги да тосулган.

Жергиликтүү элдин саламатчылыгын сактоо үчүн бул жерде бардык жакшы шарттар түзүлгөн.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы