ЭКОНОМИКА

Айыл чарбаcында көз боёмочулук, коррупция күч (фото)

el_kdm_001Азыркы Кыргызстандагы айыл чарбасынын оор акыбалын жер реформасынын жыйынтыгы, ошондон келип чыккан нерсе катары баалагандар бар. Чын эле ошол акаевдик жер реформасынан улам ушундай акыбалга түштүкпү? Сиз кандай ойлойсуз?

Сүрөттөр Манас Саматовдуку
Сүрөттөр Манас Саматовдуку

                                              Дагы сүрөттөр

Маселе татаал. Мындай көз караштар менен проблеманын өтмүшүн да келечегин да талдап болбойт. Проблемалар чырмашып кеткен түйүндөй болуп калган. Аны жандыруунун жолу эми өтө машакаттуу болоору анык.
Албетте, советтик колхоз-совхоз системасын реформалоодон башка жол жок болчу. Бирок алгачкы жер реформасы тапатакыр иштин көзүн билбеген, өндүрүштүн, турмуштун маани-маңызын түшүнбөгөн, айыл турмушунун ачуу-таттуусун башынан кечирбеген сабатсыз лаборант, жат өлкөлөрдөн келген шумпай кенешчи кишилер тарабынан жасалып, айыл чарбасынын бүлүнүшүнө алып келди. Чийки, көчүрмө реформалар өлкөнүн да өндүрүштүк пайдубалын бузуп, баардыгыбыздын айылдардагы түпкү тамырыбызды кыркып кетти.
Мен ошол мезгилде эле сунуштаган болчумун – совхоздорду жоюп, баарын колхозго айландырып туруп, анан акырындык менен колхоздордун өзүн артель, кооперативтерге бөлүп, эски калыптанган өндүрүштүн жалпы таянычтарын, каражаттарын сактап, жаны коомдун калыптарына, мезгил талаптарына ырастап, тизмектеп, жигин таап, колдо бар байлыкты чачпай басып жүрүш керек болчу. Бирок катардагы киши катары менин үнүм эч кимге жеткен эмес. Ачыгын айтсам бүгүн деле эч кимге жетпей келет.
Көчүрмө реформалар аркылуу жерди бөлүштүрүп менчиктештирип беришти да айыл чарбасын башкаруу системасынын ошол советтик бөлүштүрмөй, буйрук бермей прициптерин сактап калышты. Мамлекеттик чиновниктер бөйрөктөн-шыйрак чыгарышып эле бөлүштүрүп коюп отурушат – кассаптын мышыгындай тендерден тендерди андып. Айыл чарбасындагы коррупция эбегейсиз күч алды. Жаны “токочтуу”, “дүжүр” фермерлердин катмары пайда болду. Натыйжада мамлекеттик бийлик менен дыйкандардын ортосунда чон ажырым пайда болду. Мамлекет өзүнчө, айылдык өндүрүшчүлөр өздөрүнчө жашап калышты. 300 миндей дыйкан чарбалары, фермерлер талаада калышты…

Эгемендик алгандан бери 22 жыл өтүптүр, бирок ушул мезгил ичинде кайсы тармакты болсо да бутуна тургузуп, өнүктүрүп койгонго болмок. Биз кайсы нерсеге көңүл бурбай калдык? Канткенде акыбал башкача болмок?

Эл башына теги таза хан көргөн тукумдан, жүрөгүндө жалы бар, реформатор, таза жетекчи келген болсо мынчалык тунгуюкка капталбас элек.
Өзүңүз калыс ой жугуртуп көрүнүз кадырлуу окурман. Комунисттер жеңил өнөр жай фабрикаларын бөлүшөбүз деп талашып ээлеп отуруп алышып, ошол ишканалардын баардыгы токтоп калды. Ишчилери төрт тарапка таркап кетти. Анын ордуна милицияны козомол кылып “Моссовет” деген “женил оокат фабрикасын” ачышты… Тигүүчү кыздарыбыздын алды Истанбулга, арты Маскөөгө чейин тентип кетишти..
Акыры нукураганда тармакты жаңы демилгелүү жигиттер кайра нөлдөн баштап калыбына келтирип Россия менен Казакстанды кийиндирип келе жатышат.
Фрунзе заводун ошол кезде иштеп жургон орустар унчукпай бөлүшүп алышты да, кийин четинен кыргыздарга сатып көчүп кетишти.
Кыскасы, партноменклатуранын мүчөлөрү, бар өндүрүштүн баарын толук талкалап сатып, же өз ара бөлүп алышты. Өздөрүн башкаруучу элита деп жарыялап туруп бийликти толук ээлеп калышты. Өздөрүнө ылайыктуу, сөздөн чыкпас, жүлүнү бош, эрксиз, кооз сүйлөгөн “тоту кушту” да таап туруп, бурмалоо жолу менен президент кылып шайлап алышты.
Ушинтип отуруп коммунист Акаевди бийликке сүйрөп келгендеги саясий чайкоочулук Кыргыз элине өтө кымбат турду. Кум-Төр жең ичинен чет элдиктердин ыктыярына өткөрүлүп берилди. Үзөңгү-Кууш, Каркыра сатылып кетти. Чек ара көйгөйлөрү алигече чечилбей келе жатат. Орустарга жагынам деп, орус тилине элдин башын айландырып отуруп, сылык-сыйпа сөздөр менен арбап, алаксытма талкуулар аркылуу, мыйзамсыз түрдө расмий деген макам ыйгарып, таңуулап, кыргыздын тилин кара талга байлап кетти…
Таза шайлоо аркылуу эл башына таза, чечкиндүү жетекчи, жаңы муун келмейинче бизде эми позитивдүү жылыштар болбойт, реформалар жасалбайт. Кырдаал таптакыр башка нукка ооп, өзгөрүп кетти. Баш аламандык, комунно-криминалдык башкаруу системасы коомго сиңип бүттү. Жада калса элдин революциялык үмүттөрүнө таянып туруп комунно-криминалдык кландар эки жолу төңкөрүш да жасашты. Бирок азыркы бийликтин деле калыптанып калган комунно-криминалдык башкаруу системасын өзгөртүү ниеттери жок экендиги белгилүү болуп калды. Же чамасы келбей жатабы, элге белгисиз? Жалан алаксытма мааракелерди өткөрүү менен күн өткөрүп келе жатышат. Телеканалдар, башка мамлекеттик массалык маалымат каражаттары ушак таркатуу деңгээлине түшүп, жалаң элге жат, импорттолгон идеяларды, көрүнүштөрдү үгүттөп жатып калышты. Эл кантип турмуш кечирип жатат, кандай оокат менен бала-бакырасын багып жатат, эч кимдин эч кандай иши жок…

Акыркы кездерде айыл чарбасын механизациялаштырууга көңүл бурулуп жаткансыйт, тракторлорду, айыл чарба техникаларын алып келүү колго алынгансып жатат. Бул процесстин башында ким турат жана анын күңгөй-тескейлери тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Бул процесстин башында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги турат. Министрлик өлкөгө моралдык эскилиги жетип тамтыгы чыккан техникаларды коррупциялык, жасмалма тендерлер аркылуу алып келип, элге таңуулап сатып, дыйкандарга жардам берип жатабыз деп доомат артып келе жатат. Бул багытта жасалган иштердин дээрлик баары көз боёмочулук.
Ар бир дыйкан, фермер сатып ала турган, лизингге ала турган техиканын моделин өзү, өз ыктыяры менен тандап алууга укуктуу. Базардан тоок же дүкөндөн топу сатып алсан деле өзүңө, акчаңа чак келе турганын тандап аласын, ошондой эле кеп. Дыйкандардын башындагы кыйынчылыктарды да чиновниктер өз кызыкчылыгына буруп ишти өздөрү билгендей тейлеп-тескеп келе жатышат.
Аткарылган иштердин көлөмүн айтып, ооз көптүрүп, элдин башын айландырып маалымат берип келишет. Иш жүзүнө келсек, айыл чарбасын механизациялаштырууда эч кандай натыйжалар жок. Тескерисинче, өзүн-өзү актабаган техникалар дыйкандардын абалын ого бетер оорлоштуруп койду.

Айталы ошол айылдарды техника менен камсыз кылуу жагынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев да аракет кылып жатат. Сиз ал кишинин бул аракеттерин кандай баалайсыз жана анын аракеттеринин канчалык келечеги бар?

Бакыт мырза тараптан жасалып жаткан аракеттердин келечеги кең. Анткени, азыркы кырдаалда чатышкан проблемаларды чечүү жолдорунун бири – бул жер жерлерде менчик, чакан Машина-трактордук станцияларын (МТС) ачып, дыйкандарга оор талаа жумуштарын аткарууда кызмат көрсөтүү болуп эсептелет. Бул идеяны мен көп жылдардан бери көтөрүп келе жатамын. Бакыт Төрөбаев идеяны кенен жана чечкиндуу түрдө иш жүзүнө ашырган биринчи инсан, саясатчы болуп жатат. Айрым проекттер боюнча Бакыт мырзага сураганда билгенимди айтып кеңеш берип, кызматташып келе жатканыбызды да белгилей кетейин.

Айыл чарбасы жагынан алганда бизде жергиликтүү фермерлердин кызыкчылыктарын коргоо жагы колго алынбай жатат. Мисалы, өкмөтүбүз Казакстандын арзан буудайын, унун бажылык алымдарсыз киргизип, дыйкандарыбызга катуу сокку берип жаткандай туюлат. Деги эле дыйкандарыбыздын корголбогон кызыкчылыктары тууралуу эмнелерди айтар элеңиз?

Коомдо калыптанып калган “жергиликтүү фермерлердин кызыкчылыгы”, “жергиликтуүү өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгы”, “жергиликтүү компаниялардын кызыкчылыгы” дегендей түшүнүктөрдүн өзү чындыгында ошол айтылган кызыкчылыктарга, же жалпы корутунду, элдик кызыкчылыктарга төп келбейт.
Мисалы, тегирменчилер казактын унуна коюла турган бажы төлөмдөрүн көбөйтүп бергиле деп парламентке, өкмөткө кайрылып, биздин ун өтпөй калды деп даттанып калышат. Бул жерде эки карама-каршылык бар. Биринчиси, казактын унунун сапаты жогору, баасы арзан. Элге сапаттуу, арзан ун керек. Биздин тегирменчилерге казактын унуна салыштырмалуу сапатсыз унун кымбат сатыш керек. “Кассапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы”. Экинчиси, биздин дыйкандар өздөрү өстүргөн, салыштырмалуу сапатсыз буудайын кымбат саткысы келет. Казактын буудайы сапаты жагынан жогору, баасы казактардын ыктыярында…
Менде да суроо бар – эмнеликтен биздин буудай өстүрүүчүлөр тегирменчилер менен түздөн түз мамиле түзүп өндүргөн буудайын аларга сатууга ниеттенбей келишет? Жылдар бою өкмөттүн жыртык чөнтөгүн аңдып отура беришет, “канчадан аласын” деп догурунуп. Айып бизде, дыйкандарда да бар, толтура!
Мындай карама-каршылыктарды аттап өтүүнүн, жалпы элдик кызыкчылыктарды коргооонун бир гана калыс жолу бар. Бул – эркин базар экономикасынын эрежелерине кенен жол ачып, эч кимге кирешелүү чарба жүргүзүүгө тоскоолдук көрсөтпөө болуп эсептелет. Калганын суроо-талап өзу тескеп алат. Турмуш – тараза.
Менимче, дыйкандардын корголбогон кызыкчылыгы – бул алардын иштерине өкмөттүн кийлигишүүсү. Техника менен камсыз кылып жатабыз, үрөн менен камсыз кылып кыйраттык, күйүүчү май менен камсыз кылып келебиз деген дооматтардын артында чиновниктердин өздөрүнүн коррупциялык кызыкчылыктары жатат. Аталган өндүрүш каражаттары эркин базарда эркин сатылып жатат. Дыйкан өзү билет кимден эмне сатып алышты. Азыркы алдыңкы дыйкандар илим-билимдүүлүгү жагынан алып караганда өкмөттүн сабатсыз чиновниктеринен бир топ өйдө турушат.
Бул жерде кошумча катары дагы бир өзгөчө маселени кабыргасынан койгум келип жатат. Биз, кыргыздар, качан арпа буудай эгүүдөн ары алга жылып, кирешелүү эгиндерди өстүрүп, чоң, берекелүү киреше табууга умтула баштайбыз? Буудай менен унду казактар өздөрү бизге жеткирип берип турат. Бул чоң соода – калыптанган агробизнес. Кирешелүү эгин эгүүнүн үзүрлүү үлгүсү да бар колубузда. Талас, кудайдын кулагы сүйүнсүн, төө буурчак менен көтөрүлүп алды. Нур үстүнө нур. Эмне учун биз аларды ээрчип тажрыйбасын үйрөнбөй келебиз? Төө буурчак эмес башка кирешелүү эгиндердин түрлөрү толтура. Багбанчылык, жашылча жемиш өстүрүү, дары чөптөрдү өстүрүү жана башка…

Айыл чарба министрлиги эчтеке жасабай жатат дегенге кандай карайсыз? Деген менен, жер-жерлерде ал министрликтин бар экени деги эле билинбей жатат да. Мисалы, ирригация маселелери өтө начар абалда, бирок караган киши жок.

Министрликтин эчтеке жасабай жаткандыгы чылкый чындык. Министрдин күнү Жогорку Кеңеште өткөнү эле болбосо башка жасаган ишинен дайыны жок. Келип кетип жаткан министрлердин баары тең “азык-түлүк коопсуздугу” деген жомокту жаттап алышат. Анын эмне экенин, эмнеге сүйкөп жеш керек экендигин өздөрү да түшүнбөй келишет.
Министрге не жок, кооптонуп? Миңдеген дыйкандар, соодагерлер кечее-күндүз эмгектенип айыл-чарба продукцияларын жетиштирип, ташып келип, таркатып биздин дасторкондорго жеткирип жатышат. Бирок, министрлердин ушундай сабатсыздыгынын айынан өлкөдө көптөгөн проблемалар жылдан жылга топтолуп чечилбей келе жатат. Каатчылык, кымбатчылык деген ызгаар шамал согуп турат. Базардагы, дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдүн түрүн сатып алып жегенге аардыгыбыздын мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүүбү? Жок дегенде сүт азыктарын биздин жаш балдарыбыздын баары телегейи тегиз жеп-ичип жатышабы? Же куру нан чай менен отурушабы?
Ирригацияга көп эле акча каражаттары бөлүнүп келе жатат, бирок кумга сиңгендей эле дайыны жок. Курулуш иштери жасалма тендерлер аркылуу, коррупциялык жолдор менен чала жан ишканаларга ыйгарылат. Алардын же заманбап техникалары жок, же көзгө урунган адистери жок. Курулуш иштерин эптеп-септеп сапатсыз бүтүрүшөт. Ошондуктан ирригация системасы да начар абалга кептелип турат.

Калыбы, дыйкандарга агротехниканы үйрөткөн эч ким болбой жаткан өңдөнөт. Себеби, муну жакшы билүү менен жергиликтүү шартта деле жакшы натыйжага жетсе болот да. Бул жагынан эмнелерди айта аласыз?

Өлкөдө жалпы агрардык саясат жок. Бүгүнкү күндө кандай аракеттер жасаганга акылы жетпеген жетекчилер зор берип стратегиялык прогноз-жомокторду токуп эле отурушат. Анысы жазылып бүткөнчө кызматтан кетишет. Ушинтип отуруп эле 22 жыл текке кетти. Дыйкандар өзү менен өзү, эски-куску айыл чарба машиналары менен оокат кылып келе жатышат. Чыгымдары көп, кирешеси аз.

Айыл чарба тармагынын келечегин кандайча элестетесиз? Кыйынчылыктарды жарып өтүү үчүн бүгүн эмне керек?

Тармакты өнүгүү жолуна багытташ шарт. Үлгүлөр толтура. Баарыбыздын тамырыбыз айылда. Айыл ажарын ачууга ар бирибиз милдеттүүбүз. Айыл жолдору, үйлөрү, турмуш сапаты дүйнөлүк стандарттарга төп келе тургандай максатты көздөй аракет кылышыбыз шарт. Келечекте биздин айылдар да суктанарлык кооз, жашоо шарттары ыңгайлуу, шаңдуу, таза, салкын төрлөргө айланарына ишенемин.
Кыйынчылыктарды багындырып, жеңип өтүүнүн, айылдыктардын турмуш сапатын жогорулатуунун, бүгүнкү көйгөйлөрдү кантип чечүүнүн жөнөкөй жана реалдуу жолдору бар. Бизге саясий эрк, калыстык, иш билгилик жетишпей турат. Бул өзүнчө узун сөз. Менимче, бул аңгемени өзүнчө кенен сөз кылсак максатка ылайык болчудай…

Суроо салган: Жалил Сапаров, “Экспресс газета”

Манас Саматов, инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты
manas.samatov@gmail.com

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы