МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН

Муктар Нургазиев
Кезинде районубузду жетектеп, үзүрлүү эмгектенген, эл арасында аты сиңген, кадыры бар инсан Муктар Нургазиев Кадамжай райондук комитетинин биринчи катчысы болуп, 1972-жылы келиптир. Ошол мезгилден тартып, 1984-жылга чейин бул кызматты аркалап, районубуздун ысык-суук жүгүн көтөрдү.
Бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик көптөгөн сыйлыктын ээси Муктар Нургазиев 90 жашка келиптир. Бул курака келсе да өзүн чыйрак алып жүргөнү баарын таң калтырат. Мындан тышкары сүйлөгөн сөзү орундуу, эс тутумунун жайындалыгы оозду ачырат. Ошол мезгилдеги, кайсы жылы эмне болгонун даана айтып олтурат.
М.Нургазиев жакында районубузга келип, ошол мезгилде бирге иштешкен жетекчилер менен жолугушуп, аларга чай берип, ыраазылыктарын алды. Чай үстүндө ошол мезгилдеги мамлекеттин идеологиясы, аткарылган иштер туурасында кеңири баарлашуу болду. Жолугушуу Актурпак айыл округунун Миң-Чынар айылында белгиленди. М.Нургазиев районго жетекчи болуп келгенден кийин, ушул Миң-Чынар айылына чынар эгүү демилгесин көтөрүп, ал жерге өзү баш болуп келип, 1000 түп чынар эгилет. Мындан 40 жыл мурда эгилген бул чынарлардын жер аянты, бүгүнкү күндө айылдагы эс алуу аллеясындай болуп турат. Бул айылдын аты да, дал ушул Миң-Чынардын урматына коюлуптур. Мындан тышкары Нургазиевдин жетекчилиги астында курулган каналга Нургазиевдин аты берилгенин баары билет. Бул күнкү жолугушууда Муктар Нургазиев өзү баш болуп тиккен чынарларын аралап көрдү. Аны менен кошо, ошол мезгилдеги жетекчилер, Оштон келген уул-кыздары, неберелери аталарынын баскан-турган жерлерин эскеришип, өз көздөрү менен көрүштү. Быйыл Бүргөндү массивинин өздөштүрүлгөнүнө 40 жыл толуп олтурат. Массивди өздөштүрүүдө М.Нургазиевдин эмгегинин чоң экендиги ошол мезгилдеги жетекчилердин жана айыл аксакалдары тарабынан белгиленип, ыраазылыктарын да жашырышпады.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

[poll id=”2″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы