Жашоо шарттарын жакшыртуу максатында Россия аймактарына массалык түрдө чыгып кетип жаткан миграция агымы учурдун курч көйгөйү. Карапайым элди багуу менен бирге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн арттырып жаткан дал ошол мигранттар экендиги баарына белгилүү. Россиянын бардык аймактарында атайын бирнече коомдук бирикме, диаспора-уюмдар, фонддор түзүлгөн. Москвада официалдуу түрдө катталбаса да, кайрымдуулук иш катары жердеш-айылдаштар арасында бири-бирине көмөктөшүп, жакшылык-жамандык күндөрдө жардам берүү жана биригүү максатында түзүлгөн бир топ фонддор иштейт. Айрыкча, Аксы, Өзгөн, Ноокат аймактык фонддору активдүү жана ынтымактуулугу менен коомчулукка үлгү болуп келет.
Былтыр Москванын четиндеги шаарлардын бириндеги дачада өрттөнүп каза болушкан Кызыл-Булак айылынын 2 тургунунун кайгылуу окуясынан жана маркумдардын сөөктөрүн жиберүүдөгү кыйынчылыктардан уламатайын фонд түзүү демилгесин кызыл-булактыктар көтөрүп чыккан. Алгач, Кызыл-Булак, Тамаша айылдары биригип «Көтөрмө» айыл өкмөттүк фондун түзүп акча чогултушуп Москвада жумуш таппай же ооруп кыйналган жердештерге материалдык жардам берип, жаштар үчүн спорт мелдештерин уюштуруп, мечитке зекет иретинде акчалай көмөк көрсөтүп, мал союп, канн чыгарып кудайы өткөрүү сыяктуу алгылыктуу иштери мактоого татырлык. Кийинчерек, жалпы кадамжайлыктардын чогулуштарынын негизинде «Кызыл-Булак», «Тамаша», «Пүлгөн», «Учкун», «Майдан» деп бөлүнгөн өз ара майда фонд түзүлгөнү менен келечекте райондук масштабда биригет деген ишеним турат. Фонддун астында түзүлгөн Аксакалдар Кеңеши, Комиссиянын тең төрагалары биргеликте иш алып барат, аталып өткөн фонддордун мүчөлүк акысы ар айда 200 рублдан чогултулат.
15 июнь Москванын Савеловская метросуна жакын жайгашкан чакан стадиондо «Кызыл-Булак» фонду уюштуруп, демөөрчүлүк ишинда көтөрүп жалпы кадамжайлыктар учун волейбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Алгач, оюнбашталардан мурда «Көтөрмө» айыл өкмөттүк фондунун негиздөөчүлөрү жана Аксакалдар Кенешинин тобу баш болгон Кадыров Ибрахим, Байматов Шарап, Мурадыл Эшматов, Акбар Кожобаев, азыркы «Кызыл-Булак» фондунун тең төрагалары Элдос Акимбеков жана Аслан Шералиевдер аткарылуучу иш-чаралар жөнүндө сөз сүйлөшүп, суроо жараткан айрым бир маселелер боюнча кыска маек курушту.
«Кызыл-Булак», «Тамаша», «Пүлгөн» айылдык фонддорунун Аксакалдар Кеңешинин тобу жана мүчөлөрү
Андан соң оюндун калыстар тобу бир ооз сөз сүйлөп волейбол да башталды. Ага Орозбеков айыл өкмөтүнүн Пүлгөн, Орозбеков (Охна), Киров, Учкун айылдары, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылы, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Валакыш, Майдан айыл өкмөтүнүн Чаувай, Майдан айылдары, Халмион айыл өкмөтүнүн Ынтымак , Алга айылдарынан жана Айдаркен кичи шаарынан 16 курама командалары катышты. Оюндун жүрүшүнө кызыгып тегеректе сейилдеп жүргөндөр да топтоло калышты. Мындай спорттук иш-чаралар аркылуу айылдаштар бири-бирин көрүп, ал-абал сурашып маектешкенге мүмкүнчүлүк түзүлүп, оюндан соң чогулушуп кыргыз кафелеринде улуттук тамактардан даам татышат. Ар таймашта спорттук оюндун кийинки өткүрүлүү жана демөөрчүлүк иштерин кезектеги фондко тапшыруу салтка айланыптыр. Волейболдун катышуучулары « Баскетбол, волейбол, футбол, күрөш спорт оюндарын малы менен тез-тез уюштуруп өткөрүүнүн эркек балдарга, айрыкча, жаштарга тийгизген таасири чоң, себеби, учурда жаштар мегаполистин жашоосуна адаптациялашууда кыйналып, көпчүлүгү кафе, түнкү клубдарда чегип-ичип, айрымдары уюшкан кылмыштуу топторго кирип бат бузулушуп бир канча көйгөйлөрдү жаратышууда. Мындай иш-чаралардын артында үлгүлүү жердештери менен бир аз болсо да чың болуга умтулуп, сергек жашоого үйрөнүшөт» деген пикирин билдиришти. Кадамжайдагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенип кеткен Койчубек Салибаевдин спорт жагынан мыкты уюштуруучулук сапаты жана калыстык ишин бир багытта так алып баргандыгы кубандырат. Алты саатка созулган волейбол кечки саат 21-00 до аяктап жеңүүчү командалар аныкталып, калыстар тобунун эсептөө жыйынтыгы менен:
1 орун – Айдаркен кичи шаардык командасы 9000 рубль;
2 орун – Валакыш айылдык командасы 6000 рубль;
3 орун – Киров айылдык командалары 4000 рубль акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Волейболдун башталган учуру
2-орунду жеңген Валакыш айылынын курама командасы
Кадамжай шаардык командасы
Автордун сүрөттөрү
Жеңүүчүлөрдү волейболду жогорку деңгээлде уюштуруп берген «Кызыл-Булак» фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ибрахим Кадыров кызуу куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшыруу менен бирге жалпы катышуучуларга жана ошондой демөөрчүлүк кылган Кировдогу мектептин быйылкы 20 жылдык бүтурүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирип өттү. Убактысын ушундай пайдалуу иштин үстүндө өткөрүүгө жумшаган жердештердин иш- аракеттери көбөйө берсин демекчибиз. Кадамжайлыктар, алга!
Гүлбахар Якубова, Москва шаары
Нравится
[poll id=”7″]
Кадамжайлыктар алга! Тамаша фондунан кимдер бар айтып койгулачы лидерлерин
Саламатсызбы Азамат аке! Рахмат,ой-пикириниз учун, Тамаша фондунун негизи жетекчиси жана аксакалы Байматов Шарап аксакал акени сураштырып тапсаныз болот.