Москва шаары… Ар түркүн тагдырга, бай окуяларга,баалуулуктарга жык толгон, кебелбеген, кемибеген шаар… Москвада иштеп жургөн мигранттардын турмушуна аралашып келсен ар кимде ар кандай ой-максаттар, идеялар,каалоо-тилектер… Айрыкча,илим-билимге суусап турган, амбициясы күчтүү мигрант жаштар четтен чыгат. Алар алдыдагы кыйынчылыктарга карабай ар тараптуу өнүгүү,билим алуу, коомдук иштерге катышуу жана мүмкүнчүлүккө жараша саякаттап дүйнө таанымалды кеңейтүүгө бар аракеттерин жумшап келишет.
Ошондой мигранттардын катарында мен да Москвада иштеп жүрүп, көптөн күткөн тилегимди орундатып Түркиянын Истанбул шаарына сапар тартып келген элем. Истанбул – Түркиянын башка шаарларына караганда өзүнүн эбегейсиз чоңдугу,кооздугу жана тарыхый баалуулуктары менен айырмаланып турат эмеспи. Ал жактан көргөн айрым өзгөчөлдүктөрдү,таасирленуу сезимдерди бөлүшүүдөгү баянымды окурманга сунуштап олтурган кербезим.
Истанбул- Түркиядагы эң ири соода,маданияты,өнөр-жайы өнүккөн эски шаарлардын бири болуп саналат. Шаарды европа жана азиялык бөлүккө бөлүп турган Босфор агымы, ал эми түштүк тарабы болсо Мармар деңизи менен жээктеш жайгашкан. Тарыхый маалыматтарга таянганда, алгач «Истимпол», «Исламбул»,андан соң «Константинопль» деп олтуруп Истанбул деп аталган шаар мурдакы Рим,Византия ,Латын жана Осмон империяларынын борбору болуп эсептелген. Климаты субтропикалдык шартка ыңгайлашкандыктан, кышкысын салкын жана нымдуу, куз-жаз айлары мелүүн болуп, жайкысын ысык келет. Калкынын саны Европа боюнча 3-орунду ээлейт.
Шаарга болгон саякатымды эң биринчи эле дүйнөлүк жана ислам архитектурасынын шедеври болгон Султанахмет же болбосо Көгүлтүр деп аталуучу мечитине баш бактым. Туристтердин саны көп болгондуктан,кезек күтүүгө туура келди. Мечитке кирүү үчүн эртерээк келүү оң жана эрежелерге ылайык аялдар жабык жана узун кийимде кируусу шарт. Кирерден мурда бут кийимди чечип «бут кап»(бахила) кийүү талап кылынат экен. Шаар менен жакындан таанышууну каалагандар атайын экскурсоводду(гид) жалдап алса болот.
Мечитке бай Истанбул
Истанбулга келген кундөн баштап эле жол катар бири-бирине окшош салынган мечиттерди көрүп суктанбай койбойт экенсин. Шаардын бермети болгонКөгүлтүр Мечити – шаардагы эң кооз мечиттердин бири. Ал султан Ахмед I дин каалоо-буйругу менен 1609-жылы башталып, 1616-жылдары толук курулуп ишке тушкөн. Улуу архитектор Синандын шакирти Седефкар Мехмед Ага мечиттин негизги архитектору. Бул алты алтын минареттен турган мечит осмондук классика жана византиялык стилде салынган. Мечиттин интерьерин декорациялоо иштеринде көп сандагы(20 000) ак жана көгүлтүр Изниктен чыгуучу керамика (өңү глазурьдалган жука ,бышык) кирпичтер менен жасалгалангандан улам «Көгүлтүр» атка ээ болгон.
Анын каршы тарабында Айя-Софиясобору дароо эле көзгө урунат.Б.з.ч. 15-кылымдарда мурдакы Константинополду (Истанбул) осмон аскерлери басып алып бул храмга төрт минарет тургузуп мечитке айландырышкан. 1935- жылга чейин мечит болуп андан соң музей болгон. Бул собордун тарыхы менен кененирек таанышууда убактылуу аудиогид(акы төлөнөт) жана маалымат китепчесин алуу кыйла жеңилдик берет.
Айя- Cофия соборунун ички көрүнүшү
Тарыхта калган Осмон империясы же «Даңазалуу кылым»
Көп убакыттан бери телекөрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган «Даңазалуу кылым» көп сериалдуу түрк фильми учурда өзгөчө популярдуулукка ээ. Так ушул сериал тартылган осмон башчыларынын резиденциясы болгон Топкапы Сарайын көрүүгө шаштым. Акы төлөп , кылдат текшеруудөн өткөн соң чыныгы саякаттын кульминациялык жерине туш келгенсидим. Сарайдын айланасы бийик чеп дубалдар менен курчалып, сейил бактарын аралап басканда өзуңдү кудум ошол фильмдин каармандарындай элестетип кетет экенсиң. 400 жылдын аралыгында 25 султан ушул сарайда жашап башкарып өткөндүгү айтылат. Музейге айланган сарайдын ичинде көздүн жоосун алган султан башчыларынын чепкен кийимдери,согуш куралдарынан чоң кылыч-найзалар,калкан,жаа, керебет,аялдары жана балдарынын кийим-кечектери, алтын-күмүштөн жасалган билерик,шакек зергер буюмдары,баалуу таштар ,кала берсе жаңы төрөлгөн балага берилген бешиги,фарфор идиштери,чөйчөктөрүнөн бери көрүүгө болот. Топкапы сарайы дүйнө жүзүнөэң чоң бриллиант (86 караттагы бриллианттан турган,49 алмаз ташы менен кооздолуп жасалган кашык),3260 граммдагы изумруд ташы, пил формасындагы алтын сандыктары менен да белгилүү. Айланасында гарем, ашкана,китепкана,мектеп, жөрөлгө, жыйын,шаан-шөкөттөр өтүүчү бөлмөлөр жайгашкан.
(Уландысы кийинки чыгарылышта)
Гүлбахар Якубова, Москва-Истанбул-Москва