САЯКАТ

Кытай элинин эмгекчилдиги улуу (фото)

el_kdm_001Жакында Кадамжай шаардык Кеңешинин башкы адиси Саматов Шайырбек Абдилатович Кытайдын борбору Пекинге барып келди. Кытайга баруунун негизги максаты: “Өнөр жайды өнүктүрүүнүн индустриялык структурасы” деген чоң темадагы семинарга катышуу. Бул окууга барууда Кадамжай районунун акими А.К.Мадумаровдун түздөн-түз аракети менен барганын Шайырбек да жашырбады. Акимге ыраазылык билдирип, рахматын да айтып өттү.
Эми сиздердин назарыңыздарды Шайырбектин Кытай мамлекети жөнүндө айтып бергендерине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Кытайда                                                                                  фото «Эл жарчысы»

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кытай мамлекети дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин бири. Ошентсе да салыштырмалуу бизге караганда экономикасынын алда канча алдыда экендиги талашсыз. Себеби, алардын негизги артыкчылыктары, тартиптүүлүгү, ыймандуулугу, эмгекчилдиги жана биримдүүлүгү менен айырмаланат экен. Кытай калкынын саны бүгүнкү күндө 1млрд 375 млнго жетип, калктын санынын өсүүсү төмөнкү денгээлде өсүп келе жататкандыгы да байкалып турат. Кытайда жылына 20 млн айланасында бала төрөлөт. Бирок, калктын санынын өсүүсүн кыскартып экономикалык өсүүгө катуу жол алышкан. 1978-2010-жылга чейин өндүрүлгөн продукцияларды экспортоосу 140 эсеге өсүп, жумушсуздуктун санын кескин кыскартууга жетишишкен. Ал эми жылдык кирешеси киши башына 5450 $ экен. Өнүккөн өлкөлөрдө киши башына орточо эсеп менен алганда 10144 $ туура келет экен. Дагы бир окшоштук бизде да болуп өткөн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө менчиктештирүү аларда да болуп өтүптүр. Мунун өзгөчөлүгү
мүлктү өткөрүп берип жатканда элдин кызыкчылыгы үчүн жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир топ талаптарды коюп андан кийин өткөрүп беришет экен.
Кытай элинин маданияты жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар ар дайым өздөрүн көтөрбөгөнгө аракет кылышат. Алар үчүн сырттан келгендерге аяр мамиле жасоо өтө маанилүү экен.
Кытайда 60 ка жакын улуттун өкүлү жашайт. Кытайда эң чоң шаар Шанхай эсептелинет. Андан кийинки орунда Пекин турат. Шанхайда 25 млн киши жашайт. Пекинде 23 млн ашык киши жашайт экен.
Кытай элинен көп нерсени үйрөнүүгө болот. Айрыкча алардын мээнеткеч, тыным албай иштөөсү өзгөчө. Бизге кыргыз эли үчүн да ушундай иштей турган убакыт келип жетти. Келиңиздер анда биз да өзүбүз үчүн, мамлекет үчүн талыкпай, мээнет кылып эмгектенели!

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы