ЭКОНОМИКА

Жазгы эгиндерге даярдык

Жазгы дан эгиндерин өз убагында эгип себүүгө ошондой эле жазгы талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүү боюнча, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн шаардык штабдын кезектеги отуруму Караван айылында болуп

 

Караван айыл башкармалыгынын башчысы А. Зулпуев Сүрөт автордуку

Сүрөттө: Караван айыл башкармалыгынын башчысы А. Зулпуев
Сүрөт автордуку

өттү.
Штабдын башчысы шаардын 1-вице-мэри Э. Топчубаев, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы А. Кыпчаков, Караван айыл башкармалыгынын башчысы А. Зулпуев мырзалар, КРнын Өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдыевдин Баткенде өткөргөн коллегиясынан маалымат беришип, алдыдагы иш-чараларды чечкиндүүлүк менен аткаруу керек экендигин белгилешти.
Өзгөчө КРнын Өкмөтү тарабынан келтирилип жаткан минералдык жер семирткичтерди сатып алууну уюштуруу, ГСМ, үрөн менен дыйкандарды камсыз кылуу, техникаларды оңдоп-түзөө иштерин ылдамдатуу керек экендигин айтышты.
Эгиндерди суу менен өз маалында камсыз кылуу боюнча СПАлардын иштерин көзөмөлдөп, чоң-кичине каналдарды тазалоо, арыктарды чабуу, суу деренаждарын казуу тез арада колго алынуусу зарыл экендигин айткан П. Алиев өз сөзүн фактылар белгиледи.
Ал эми айыл башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ы. Саланов, күзгү айдоо, күздүк эгүү боюнча 2014-жылга эгиндерди суу менен камсыздалышы боюнча маалыматтын угузду.
Жыйындын соңунда, 1-вице мэр Э. Топчубаев, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча талдоо жүргүзүп, уюштурулуп жаткан иштердин айрымдары дагын деле кемчилдик менен коштолуп жаткандыгын белгилеп, Караван айыл башкармалыгына бул иштерди четтетүүнү тапшырды.

 

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы