КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Сурма комбинатта иш убактылуу токтоду (фото)

el_kdm_001Баткен облусундагы Кадамжай сурма комбинатында убактылуу иш токтоду. Комбинат жетекчилиги иштин убактылуу токтошун сырьенун жоктугунан экендигин билдирген. Жумушчулар белгисиз мөөнөткө чейин ишке чыгышпайт.

Кадамжай сурма комбинаты
Кадамжай сурма комбинаты

Бул тууралуу аталган комбинаттын кызматкери Абдурашит Төлөбаев «Кабар ордого» билдирди.
Эскерте кетсек, Комбинаттын кызматкерлери 2 айдан бери айлык берилбегенине нааразы болушуп, 140 тонна сурманы барымтага алышкан. 17-декабрда 2 айлык маяналары толук берилген соң сурманы комбинат жетекчилигине өткөрүп беришкен.
Кадамжай сурма комбинатын Казакстандык инвесторлор иштетип келет.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы